Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаевдин короосунан чыкпай калды, ат тезегин кургатпай, Атамбаевге барып атат. Азыркы бийликке болгон таарынычы – мамлекетке төлөбөй жүргөн 80 млн сомун төлөтүшүптүр. Анча мынча салыктарын төлөбөй жүрүүгө, жеңил кутулуп кетүүгө көнгөн экен. Акчасы болсо саман, мисалы бир эле Акун пансионатынан канчалаган акча түшөт, ага кирип-чыкканга эле акча алган Турсунбеков анын пансионатынан чөгүп каза тапкан белгилүү журналист маркум Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө түздөн-түз күнөөлүү. Ошончо акча таап атат, этек-жээктерин түздөтүп, терең жерлерге буй коюп койгонго жарабайт, битирленип. Анысы аз келгенсип, акыр-чикир суулар труба аркылуу ошол пансионаттын көлгө кирип жатканын дагы экологдор таап чыгып, жарыя кылышпады беле?
Бардык жерден суудан кургак чыкканга көнгөн Турсунбеков Эгизбаевдин өлүмүнөн дагы кургак чыгып кетти.