Чыныбай Турсунбековго кылмыш иши козголушу мүмкүн…

Кайран киши, кимдир бирөөлөрдүн саясий оюнуна кабылып калды да. Болбосо тынч эле иштей берет эле. Атамбаев менен кайраштырып коюшту. Анын президенттикке мен чыгам деп жулунганы көпчүлүккө жаккан жок. Деңгээлин билиш керек эле. Эми минтип жөн жерден эле президенттикке башын тыга коем деп шалдайып отуруп калды. Жаңы президенттин келиши менен кылмыш иштери козголуп, фирмалары тыкыр иликтенет деген кабар уктук. Жөн жатпай эмитен эле даярданып, анча-мынча пиарщиктерди айланасына чогулта бербесе болбойт.

Кокус камалып кала турган болсо Текебаевдин командасындай болуп ар тараптан чабуул жасап тургандай бирөө-жарым болушу керек да.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу