Чындап келбей калды окшойт

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда  президент Алмазбек Атамбаев: «Алар өздөрүнүн шестеркасын президенттик тактыга отургузгулары келген. Ооба, ал шестерка  отурат. Бирок, президенттик тактыга эмес, түрмөгө отурат.»-деп өзүнүн манерасына салып ачык айтып салды.

Дал ушул сөздөр азыр чет өлкөдө даарыланып жаткан Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин ого бетер татаалдантып жиберди.

Күч колдонуу түзүмдөрү болсо ага карата кылмыш ишин козгогон. Бабанов эгер кайтып келсе анын эркиндикте калаарына эч ким кепилдик бербейт.

Анын үстүнө шайлоодо утулган президенттикке талапкердин өнөктүк учурунда чуркап иштеген талапкерлери кызмат үчүн акчаларын албай калышкандыгын да жарыялап жиберишпедиби.

Эми Бабанов эмне кылат? Тобокелдикке салып мекенине кайтып келеби? Же…

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу