Чынара Адамкулова КУУдан кетип, Дипакадемияга ректор болуп дайындалды

Адамкулова Дипломатиялык академияны жаңы деңгээлге көтөрүп, эл аралык аренадагы мүмкүнчүлүгүн жакшыртыш үчүн болгон күчүн жумшай тургандыгын айтты.

Кыргыз улуттук университетинин ректорлугунан бошогон Чынара Адамкулова ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академиянын жетекчилигине дайындалды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

«Бүгүн ТИМдин жетекчисинин орун басары Динара Кемелова менен Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыканов жаңы ректорду эмгек жамаатка тааныштырды», — деп айтылат маалыматта.

Адамкулова Дипломатиялык академияны жаңы деңгээлге көтөрүп, эл аралык аренадагы мүмкүнчүлүгүн жакшыртыш үчүн болгон күчүн жумшай тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Адамкулова 6-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорлугунан бошотулган. Ал КУУнун жетекчилик кызматына 2015-жылы келген.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу