Чуу жараткан «Раим кайрылуу»…

АДИЛ ТУРДУКУЛОВ, АКТИВИСТ:

— Мен Раим Матраимовдун ачык саясатка чыкканын кубаттайм. Бирок, Матраимов Атамбаевге каршы фактылар бар экенин айтып чыкты. Эгер тымызын коркутуу ирээтинде мындай ой айткан болсо жаңылышат. Өзү айткан экс-президентке каршы фактыларды ачык айтып чыгышы керек. Эгер чыгарбаса маалыматты жашыргандыгы үчүн да Раим Матраимов өзү жооп берип калат. Ошондуктан, видео кайрылуу кылаардан мурун, жети өлчөп бир кесүү жолун караштырса болмок.

ЭДИЛ  БАЙСАЛОВ, АКТИВИСТ:

— Раим Матраимовдун эл алдына видео кайрылуу менен чыкканы туура эмес болуп калды. Мен Алмазбек Атамбаевди канча сындап келсем дагы бул жагына келгенде  Раим Матраимовдуку өтө одоно ката болгонун ачык айткым келет. Мамлекетти мыйзам менен башкарабыз. Кара Сууну башкаргандай пикирде ал киши болбошу керек. Кара Суунун элине биздин мыйзамдар өтпөй калган мезгилде эл Бишкекке эмес, а Россияга, Владимир Путинге кат жазып жатышат. Бул жагын да карай билсек.

МИРЛАН ДҮЙШӨНБАЕВ, ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КСДП ФРАКЦИЯСЫНЫН КАТЧЫЛЫГЫНЫН ЭКСПЕРТИ:

Менимче, Р.Матраимовдун Кайрылуусунда ар кыл пикир жарата тургандай эч нерсе жок. Экс-президент аны басса-турса жамандап, бокочодой көрсөтүүгө аракеттене бергендиктен, акыры анын себебин элге ачык айтып, мындан ары анын мазактоолоруна чыдабастыгын билдирүүгө аргасыз болду. Дагы Р.Матраимов сабырдуу, оор басырыктуу экен, ушунча чыдады. Башка бирөө болсо экс- президенттин биринчи асылуусунан кийин эле атырылып чыкмак. Р.Матраимов акылдуу, аяр, куу адам.  Ал көпкө чейин кырдаалы байкап, экс-президенттен  оомат кеткендигине биротоло көзү жеткенден кийин Кайрылуу жасады. Ал туура эле, ар ким өз укугун, абийирин коргогонго акылуу. Мага экс-президенттин Р. Матраимовго жабышып алгандыгынын себеби аябай терс таасир калтырды. Кызы менен Матраимовдун кайын эжеси машине койгонго орун талашкандыгы үчүн эле мурдагы байланыштарынын, мамилелеринин баарын унутуп, аны мынчалык кектеп, жектеп алгандыгы экс-президенттин инсандык облиги кандай экендигин көрсөтүп турат. 2010-жылы апрелде Р.Матраимовду убактылуу өкмөттөгүлөр иштен алышканда, аны кайра ордуна коюп, жети жыл колдоп, көтөрмөлөп келген экс-президент өзү болгону эч кимге жашыруун эмес. Эмне үчүн анда Р. Матраимов жакшы болгон да эми жаман болуп калды? Сөздөрүн жазып, даярдап бериштиби деген сурооңузга келе турган болсок, Райым Матраимов публикалык адам эмес. Чечендик, харизмалык жана артисттик сапаттары жок. Анын үстүнө бирде-экиде эл алдында сүйлөбөгон адам камеранын алдында сүйлөгөндө, анда чоң толкундануу да болду. Ал Кайрылуусун даярдап, ММКларга чыгарууда сөзсүз бирөөлөр менен акылдашкан, текстин редакциялаткан. Анда айыптагыдай эч, нерсе жок. Ал эмес, чоң саясатчылар, атүгүл президенттер деле билдирүү жасаарда адистер менен акылдашат, текстин карашат, варианттарды түзөт. Мисалы Р. Рейган  кичинекей сөздөрүн деле жардамчыларына 4-5 жолудан кайра жаздырткан, оңдоткон. Менин оюмча, Р.Матраимов Кайрылуунун текстин (өзгөчө башталышын) дагы дыкат каратып, айрым жерлерин күчөтсө, ишенимдүүлүгү, таасирдүүлүгү гана артмак деп ойлойм.

АМАНБОЛ БАБАКУЛОВ, АКТИВИСТ:

— Ушул убакка чейин Раим’Матраимов калькулятор басып, акча эсептеген адам катары жүрдү деп айтсак жаңылбайбыз. Анын видео кайрылуусунан даяр тексти дагы жөндөп окуй албаганынан кабар берди окшойт. «Раим миллион» каймана атка ээ Раим Матраимов кызматтан жөн жерден алынган эмес. Жумуштан алуу үчүн да көп документтердин, материалдардын негизи болушу керек. Азыр сөз болуп жатпайбы, азыркы президентибиздин шайлоо фонду Раим аркылуу каржыланган деп. Мына, Жогорку сот да азыр Раимдин пайдасына чечип берди. Бул кишинин Кыргызстанда жашап жатканы дагы бир жолу: «акчаң, болсо калтанда, талтаңда да талтаңда» деген заманда жашап жатканыбыздан кабар берип турат.

БУЛАК: Факты. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу