Чукул кабар! Раим миллион өлкөдөн чыгып кетти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары,  Раимбек Матраимов (Раим Миллион)  Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу «Манас» аэропортунуна ишеничтүү булактар кабарлаган. Ошондой эле Раим миллион менен кошо үй-бүлө мүчөлөрү да жанында болгон деп кабарланат.

Бизге жеткен  маалыматтар боюнча Раим Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин  №303 «Коррупция» жана №304 «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча иш козголгон.

Эскерте кетсек  Раимбек Матраимов Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматынын орун басарлык кызматынан бошотулган.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу