Чукул билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

5-7-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-
мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, карга айланат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарыноблустарында 17-22 метрге жетет.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп, өрөөндөрдө түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13 градус, тоолуу
аймактарда түнкүсүн -28…-33, күндүз -12…-17 градус, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -33…-38, күндүз -13…-18 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордо, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш, Каракол-Эңилчек жолуна кар көчкү түшүү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдордо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону айдоочуларга эскертүүдө.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу