ЧУБАКТЫН КУНУНДАЙ ЧУБАЛГАН МАТРАИМОВДУН МҮЛКҮ

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши азырынча аяктай элек. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы мына ушундай билдирүү берди. Алардын айтымында аябай дыкат каралып, көп документтер текшерилип жатыптыр. Өгүнү алардын ишинде эч кандай коом айтып жатканчалык шек санаган деле кылмыштар жок экен деп чыккан мекеме эмнегедир кайрадан алардын ишине үңүлө киришип баштады. Финполициянын жакында берген маалыматына коомчулук аларды да “сатып алды” багытында чоң талкууну кылып жиберген болчу. Мына ушунан улам тийиштүү мекеме тизгинин кичине тарткан болуп, баардык териштирүү иштери аягына чыга эле дегенчелик жооп узатышкан. Анын үстүнө алардын текшерүүлөрүндө “Азаттык” сайтынын изилдеп чыккан иштеринин бир тобу каралбай калганы да баса белгиленген. Аталган сайттын документтеринин негизинде тактоолор болоорун убадалашкан. Бирок, ушул кезге чейин Матраимовдун жүргүзгөн иштеринен бир да кынтык таба албаган финполиция май айынан бери текшерүү гана үстүндө. 2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерине убада берген болчу.

БУЛАК: Факты. кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу