Чолпонбек Абыкеев, журналист: “Атамбаев кыргыз мамлекетин мамлекет катары эмес, менчик фирмасындай, «Форум» фирмасынын бир филиалындай эле көрдү”

Кадрдын кадыры Мамлекеттик кызмат, мамлекеттик кызматтын кадырын арттырууга анда иштеген кадрлардын тийгизген таасири, мамлекеттик кызматтын баркын көтөрүүнүн түбү барып мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишин шарттаары тууралуу көптөгөн макалаларды тээ А. Акаевдин учурунан бери эле жазып келатам. СССРдей империяны 30 жылда толук бутуна тургузуп жараткан, ортодо ачарчылыкты, дүйнөлүк экономикалык кризисти, Ата Мекендик согушту башынан өткөрсө да Черчиллдин тили менен айтканда «Россияны буурусун менен колуна алып атом менен колунан чыгарган» Сталин бекер жеринен «Кадр баарын чечет»- деп айткан эмес.

Коммунисттик доордо калыптанып жолго түшүп калган мамлекеттик кызматка кадр тандоонун жолун А. Акаев таш-талканын чыгарып бузуп, Мамлекеттин мамлекеттүүлүк түзүлүшүн бекемдөөгө түшүнгөн адамга Кумтөрдү сатып тийгизген карасанатайлык ишинен да ондогон эсе зыян кылган. Акаев дагы бир 5 жыл иштегенде Кыргызстан мамлекет катары жок болмок. Анткени ал мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн өзөгүн талкалай баштаган.

Бул ишти А. Атамбаев ийгиликтүү улантууну колуна алды. Орой айтканда Кыргыз мамлекетин мамлекет катары эмес менчик фирмасындай керек болсо өзүнүн жеке менчик «Форум» фирмасынын бир филиалындай эле көрдү. «Мамлекеттик кызыкчылык»- деген түшүнүктү чечмелей билбейби же атайлап «Мына мен ушуну жасайм, колуңардан эмне келет»- дедиби? Бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөйм. Далил катары шопуруна бүт республиканы башкартып койгону аз келгенсип ага мамлекеттин жогорку сыйлыгы, урматтала турган сыймыгы болгон «Манас» орденин тапшырып чалчаңдаганын айтсак жетиштүү болот.

С. Ш. Жээнбеков бийликке келгенде «Эң башкысы мамлекеттик кызматка иштетүүгө ишенимдүү кадр таппай кыйналат»- деп жазгам. Себеби 27 жыл бою кадр маселеси мамлекеттик деңгээлде колго алынбай, ашмалтайы чыгып калды. Мамлекеттик кызматка кадр өстүрүү деген түшүнүк жок болду.

Бүгүн коомчулуктун буга чейинки иштеген кадрлардан көңүлдөрү калып «Жаштар келишсе болот эле»- дешүүдө. Коомчулуктун бул пикирин деле туура түшүнсө болот. Себеби шоопурлардан, самсы бышырып жүрүп эле чоң болуп калгандардан, коррупционерлерден тажашкан. Бирок ошол жаштардын арасында мамлекеттик кызматтын ысык- суугун түшүнгөндөрү барбы? Бүгүн биздеги мамлекеттик кызматтардын айлык маяналары өтө төмөн. Ал түгүл кызматтык машиналарына деле толук иштешке жеткидей күйүүчү май бөлүнбөйт. Талап болсо жогору. Кандай болот? Кайра коррупция башталбайбы?

Жаштык жигер деген күчтүү болот. Бат эле байыгысы келет. Аз убакытта баарына жетишсем дейт. Ошондуктан бир кезде «Мегакомго» башчы болгон жалаң чет элден окуп билим алган жаштар бир жылга жетпей 140 миллиондон ашык долларды кымырып кесилишти го. Бүгүн коррупция боюнча сурак берип камакта отургандардын да көпчүлүгүн жаштар түзөт.

Балким «Жаштар кызматка келсе болот эле?»- дештен мурда «Мамлекеттик кызматка кадр даярдоону колго алсак болот эле?»- деген маселе көтөрсөк туура болот беле дейм. «Мамлекеттик кызматта иштеген кадрлардын кадырын көтөрүп, иштешине жакшы шарт түзсөк. Коррупцияга бурулуп кетүү жолдоруна бөгөт койсок»- деген программанын үстүндө иш баштасак туура болот беле дейм. Мамлекет кадрын кадырлап бакмайын эч убакта оңоло албайт. Коррупционерлердин таламайында кала берет. Муну биринчи кезекте мамлекеттин башында турган адам түшүнүшү керек.

Чолпонбек Абыкеев, журналист

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу