Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Бир дагы президент Сооронбай Жээнбековго окшоп бир жыл ичинде каттуу талкууга алынган эмес”

Жээнбеков Сооронбай Шарипович Президенттик кызматты аткара баштаган бир жылдык убакытта эмне иш жасалганы жана эмнеси жасалбаганы тууралуу тэ-э октябрь айынан бери эле ондогон макалалар жарыяланып, ал түгүл 24-ноябрда болгон коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайында да атайын баяндама менен талкууга алынды.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткен 27 жылдан бери бардык саясий жана коомдук иштердин күбөсү болуп келе жаткан менин билишимче, буга чейин бир да Президент иштегенине бир жыл болуп боло элегинде ушунчалык катуу талкууга алынып, ар бир кадамынан бери “микроскоп” менен карап изилденип, жетишкендигинен мурда кемчиликтери ачык айтылып, коомчулуктун көзөмөлүнө алынган эмес. Бир да Президент коомдук  пикирдин эркин болушуна жол ачып мынчалык сөз эркиндигине  жол берген эмес. Бир да Президент коомчулуктун түрлүү катмарлары менен тартынбай  жоолугушуп пикир алышкан эмес.

Президент Сооронбай Шариповичтин бир жылдагы жасаган иштери тууралуу жазсам анда буга чейин бир эмес бир нече жолу ар кандай маалымат булактарында жазылгандарды кайталаган болуп калам. Ошондуктан буга чейин сөз боло элек, болсо да мен кабардар болбой калган пикирди гана жазгым келип турат.

Өткөн бир жыл Президент Сооронбай Шарипович үчүн ушул жашка чыккыча жашап өткөн өмүрүндөгү өтө оор жыл болду го деп ойлойм. Себеби жан дүйнөнү сыздатып жүлүндөн бери жулкуп тарткан, жүрөктү ооруткан чечимдерге барууга аргасыз болду. Мындай чечимдерге барууга бардык адамдардын эле эрки жете бербейт.

Тараза ташынын бир жагында мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы, экинчи жагында өзүнүн Президенттик кызматка жетишине түздөн-түз тиешелүү болгон канча бир жылдан бери жакын тааныш, дос болуп келаткан үзөңгүлөштөрүнүн, туугандарынын кызыкчылыгы туруп калды. Президенттик “такка” отурган биринчи күндөн баштап кылтылдаган ушул “тараза” бир чечимге келип бир жагына оошу керектигин талап кылып кыса баштады. Бул оңой чечим эмес эле. Нечен уйкусуз түндөр өтсө керек. Астыдагы эки жолдун  бири да жеңил эмес болчу. Эскисине түшсө жоро-баягы калыбында чардап, ар кимиси өз ишин жүргүзүп, жасалма шаан шөкөт көбөйүп, мамлекеттин иши ойдогудай бараткандай “көз таңмайлар” уланып, эл болсо бирде түшүнсө бирде түшүнбөй бүшүркөп, эчак пайда болуп күчөй баштаган “коррупциялык жара” ого бетер чоңоюп кете бермек. Бирок түбөлүгү жок болчу, туюк чыккан “жара” эртедир кечтир жарылмак. Ошондо баарын булгамак.

Экинчи жолу мамлекетин жана элдин кызыкчылыгы жакка оош андан да татаал эле. Тегерегиндегилердин дээрлик бары тескери бурулуп, колдобой кол үзмөк, жалгыз калмак. Канчалар токтоосуз жазаланууга тийиш болчу. Кайта кайта “Менин ишенимдүү досум”- деген адамы “Соке досум мен салып кеткен жол менен гана ишин улантат. Антпесе өз убалы өзүнө…”- деп бир чети тымызын табышмактатып кекеткен, зекиген сөзү кулагына нечен жаңырса керек. Бийликтин башында туруп саясий аренада жалгыз калыш  бул айсыз карангыда чөөлөрдүн ортосунда жалгыз калгандай эле иш болчу.

Канчалык оор жана татаал чечим болсо да Президент Сооронбай Шарипович  тараза ташындагы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы турган жагын тандады. Бул айтканга оңой бирок аткарууга  өтө оор чечим эле. Ар бирибиз адам катары деле ойлонолучу. Бир нече жыл жакын санаалаш, катыш болуп жүргөн адамдарыбызды жаманчылыкка кыйууга барыш оңойбу? Жок. Оңой эмес. Жакын санаалаштарды кой жөн эле жакшы саламдашып жүргөн тааныш адамың иши түшүп келсе “жок”- деп айта албай канча түйшөлөсүң. Ал эми өзүн кызматка жеткирген, канча жыл  катыш болго адамдардан тескери бурулуп басыш кандай кыйын.

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө жеткен 27 жылдан бери канча шайлоолор өттү.  Канча депутаттар шайланды. Элдин колдоосу менен  төрт Президент шайланды. Баары шайлоо алдында “Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коем. Мамлекет үчүн, эл үчүн таза иштейм”,-деген убадаларды беришкен. Бирок бири да буга чейин убадаларын аткарышкан эмес.

Сооронбай Шариповичке чейинки А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев үчөө тең мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан, жакындарынын кызыкчылыгынан жогору кое алышкан эмес. Керек болсо бийликке жеткенден кийин мамлекетти, элди өзүнүн жеке фирмасынын бир филалындай эле көрүп алгандары да болгон.

Биринчи жолу Президент Сооронбай Шарипович шайлоодо шайлоочуларга берген убадасына туруп, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан, жакын досторунун, өзүн курчаган тааныш иштешкендеринин кызыкчылыгынан жогору койду. Президенттин аткара турган чыныгы милдетин туура түшүнгөнүн, Президент бир гана эл кызыкчылыгына кызмат кылышы керектигин иш жүзүнө ашыра баштады. Бул Сооронбай Шариповичти мактоо эмес. Бүгүнкү күндүн кашкайган чындыгы.

Чындык дайым эле жеңил боло бербейт. Оор сыноолор тирешкен кармаш менен коштолот. Бүгүн коррупцияга катыштыгы бар деген күнөө менен камакта жаткандардын бири эмес бир нечеси “Мени Соке камата албайт. Ага духу жетпейт”, — деген сыяктуу сөздөрдү айтышканын угуп жүрөбүз. Президенттин “духу” жетти. Ошондой кадамдарга бара алды. Президенттин мындай кадамдарын жеңилдеткен коомчулуктун, элдин колдоп кетүүсү болду. Кантсе да биздин коомдун өзгөчө саясатташып кетиши ушул жерден чоң пайдасын тийгизди.

“Баарын акча чечет. Менин байлыгым керек болсо Кыргызстанды көңтөрүп жиберүүгө жетет”- дегендерге акча эч нерсе чечпешин жакында болуп өткөн элдик Курултай дагы бир жолу ырастады. Андай байлыкка көзү тумандап, элди көрбөй калгандардын түзгөн пландарынын таш талканын чыгарды. Барын сатып алууга, жалдоого мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Эл дайым чындык тарапта болоорун далилдеди.

Президент Сооронбай Шариповичтин өтө оор жылы ушинтип өтүп баратат. Барган сайын жолу ачык, келечек даана көрүнө баштады. Болгону алган багытынан бурулбашы керек. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы астындагы маяктай жол көсөтүп туруусу керек. Нечен жолу алданып жүрөгү калган эл бүгүн бир ишенип бир ишенбей дендароо болуп, чайпалып турат. Эгер Президент жолунан тайбаса эл ишеними бекемделет. Ортодо ойлогон ойлору ишке ашпай бүт тилектери талкалангандар  эл арасына түрдүү ушак айыңдарды таратып кынтык таппай чөчө шимшип жүрүшөт. Алардын күрөшү токтоп калбайт. Эң катуу ызалангандар колундагы байлыгынан айрылган ач көз дүйнөкорлор. Алар керек болсо кашык каны калгыча кармашат.  Президент эл менен болсо элди эч ким жеңе албайт. Ушуну эстен чыгарбай туура түшүнсөк астыдагы жол улам жеңилдеп улана бермекчи.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу