Чодуев чоң убада берди, Мурашев моюндар бекен?

Мурашевдин эле колтугунан чыгып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине шайланган Эркинбек Чодуев ишке киришери менен системаны 50пайызга өзгөртө турганын айтты. Ишенүүгө болобу, аны убакыт көрсөтөт. Ар бир келген министрдин убадасы ушундан башталып, аягы эмне менен бүткөнүн кыргыз саясатынын ар кыл жактары ачыктаган.

«Бир топ кардиналдуу өзгөрүүлөр болот. Экспорт көйгөйүн колго алабыз, бул багытта атайын бөлүм ачылат. Ассоциациялардын башын бириктирип, чоң иштерди пландап жатабыз. Кайра иштетүүишканаларын колго алабыз. Санариптик айыл чарба деген жаңы долбоорду сунуштап жатам. Азыркы системаны жок дегенде 50 пайызга өзгөртүп жатабыз. Министр болом деген бир топ жаштар чыкты, аларды расмий түрдө кызматташууга чакырам» — деди Чодуев. Ал эми мурдагы министр Мурашевге карата айтылган сын-пикирлерге жооп бере албасын, бирок өткөн жалдагы сатуудагы кемчиликтерде анын да жоопкерчилиги бар экенин моюндайт. Кызыгы, айыл чарбаны координалдуу өзгөртүүгө алып барууну убадалап, сатууда эми кыйынчылыктар болбошу керек деген Чодуевге ишенсек, анда Мурашевдин эл тарабынан сындалып жаткан аракеттери Чодуев тараптан акталып, Мурашев чоң жоопкерчиликке тартылабы?

Булак: Факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу