Чек ара кызматы: көзөмөл-өткөрмө бекеттерде кезек күткөндөр байкала элек

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 12-октябрда кечки саат 19.00гө карата кыргыз-казак чек арасында элдин топтолуусу байкала элек.
Маалыматка караганда, «Ак жол», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» өткөрмө бекеттеринен башка жайларда транспорт каражаттардын агымы азайды. Ал эми аталган үч бекетте жалпысынан 70-100 чакты машине турат.

Мекеме кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу экенин, чек ара тартибин бузган учурлар катталбаганын кошумчалады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу