Чакырылбай калса эле сын айта берүүгө болобу?

19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга жалпысынан бейөкмөт уюмдардын жана жарандык активисттердин 40 өкүлү катышты. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, ага катышкандар өздөрүнүн көкүрөгүндө көптөн бери катылып жүргөн суроолорун берип, жоопторун ала алышты.

Жыйынга катышкандардын дээрлик 100%ы президент менен болгон жолугушууга канааттанышканын, пикир алышуу ачык-айрым мүнөздө өткөнүн билдиришти. Президент жарандык сектор менен да кызматташууга даяр экенин, мамлекеттик структурада иштегендердин да, жарандык сектордогулардын да бир гана максаты – Кыргызстанды өнүктүрүү, анын жаркын келечегин түзүү болуп саналарын билдирди. Бул пикир менен жолугушууга катышкандар макул болушту.

Бирок, жыйынга чакырылбай калган айрым жарандык активисттер, айрым коомдук бирикмелердин өкүлдөрү маалымат булактары аркылуу бул жолугушууну сындап чыгышты. Мисалы, экс-президент А. Атамбаевдин камчысын чаап, кайда болбосун ага чаң жугузбай эле мактай берүүчү Алга Кылычов сыяктуулар.

Биринчиден, мындай жолугушууга баардык эле жарандык активисттерди, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн калтырбай чакырууга мүмкүнчүлүк болбойт. Эгерде бирин калтырбай чакырыш керек болсо, анда Улуттук филармониянын залы да тардык кылып калат. Андыктан «Меним чакырбай коюшту да» деген таарыныч менен сын айта берүү туура кадам болуп саналбайт.

Экинчиден, президент менен жарандык сектордун жолугушуусуна коомдо өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келаткан алдыңкы катардагы активисттер чакырылды. Алар эч кандай тандоо жолу менен чакырылган жок. Арасында президентке сын айтып жүргөндөрү да көп болду. Пикир алмашуу ачык-айкын, чектөөсүз жүрдү. Мындай жолугушуу тарыхыбызда биринчи жолу болуп атканы менен, ал акыркысы болбойт. Алдыда дагы ушул сыяктуу жолугушуулар болуп тураарынан күмөн жок.

Бул ирет чакырылбай калгандар кийинкисинде чакырылышы мүмкүн. Андыктан таарынычтарды жыйыштырып, конструктивдүү сын айтып, жакшы сунуштарды жолдоп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир максатты көздөөнү колго алышыбыз керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу