«Центерра Голд» Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөй элек

«Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков парламентте дивиденддин төлөнбөй келгенин «Кумтөр» боюнча жаңы келишимдин шарттары күчүнө кирбей жатышы менен байланыштырды.

Эки тараптын келишиминин негизинде «Центерра Голд» тапкан кирешесинен ар квартал сайын 3 миллион доллардан, жылына жалпы 12 миллион доллар Кыргызстанга берип турушу керек.

Өткөн аптада кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырган.

“Центерра” компаниясы макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылганын кабарлаган. Өкмөт бул чечимдин чоо-жайы тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин келишимди аткаруу мөөнөтү 2-ноябрга белгиленген. Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык тармакты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.

Бул макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам артка жылып келген.

Быйыл 14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Кумтөр боюнча соңку макулдашууда өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу