Хабиб Нурмагомедов: “Конор Макгрегорду жок кылам”

Орусиялык мушкер, UFCнын жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макрегор менен кайрадан рингге чыгаарын билдирди. Бул мелдеш тууралуу мурда Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун башчысы Дэйна Уайт дагы айтып чыккан болчу.

Хабиб Нурмагомедов “Азырынча менин каршылашым ким экендиги белгисиз. Мелдеш Лас-Вегаста болот. Мен Конор Макрегор менен мушташкым келет. Күйөрмандарым да муну күтүп жатышат. Кайсы раунда мен аны нокаут жыгам, билбейм. Аны эч ким айта албайт. Бирок, мен аны жок кылам”,- деди.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу