Франциянын экс-президенти камалды

Франциянын экс-президенти Николя Саркози шайлоо өнөктүгүн каржылоодогу мыйзамсыз иштерине байланыштуу камакка алынганын “Reuters” агенттиги кабарлады.

Өлкөнүн мурдагы жетекчисин Париждин четиндеги Нантер аймагындагы полиция учаскасынан камакка алышкан. Ал жерге 2007-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу көрсөтмө берүүгө чакырылган.

Бул боюнча биринчи сурактар 2013-жылы башталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында “Союз за народное движение” партиясы президенттик шайлоо өнөктүгүндө 18 миллион евро же чектен ашкан каражатты аз көрсөтүү үчүн документтерди жасаганы менен шектелүүдө.

Саркози 48 саатка камалышы мүмкүн. Ошондой эле жакынкы мезгилде ага айыбы угузулары күтүлөт.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу