Фото — Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мурдагы төрагалары жана премьер-министрлери менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңешинтин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн премьер-министрлери менен жолугушууда.

Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков катышып жатат.

Ошондой эле экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев катышууда.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу