ФОТОРЕПОРТАЖ: Урмат Акунов: “Садыр Жапаров эми белди бекем байлаш керек”

Садыр Жапаровдун тарапташтары соцтармактардан көңүл айта баштады.

Жанарбек Өмүракунов: — Садыр мырза апаңыздын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, кайрат кылыңыз. Кыргыз эли, жери үчүн күйүп, бышып, тагдырдын оор сыноолоруна чыдап,баарын көтөрүп турганыңызга таазим кылабыз. Кудай бар буюрса Кыргыз эли, жери үчүн көп жакшы иштерди кыласыз, ишенебиз!

Жеринен Садыр Жапаровдун апасын акыркы сапарга узатуу аземине катышып жаткан Урмат Акунов, “мындай оорду толгус оор жоготуу эч кимдин башына салбасын. Алмазбек Атамбаев дагы ыйлай турган күндөр бардыр. Баарына Кудай бар. Эми Садыр мырза, белди бекем байлаш керек. Өлүмгө айла жок. Ажал эч кимди укпайт”, деген пикирин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу