ФИНПОЛ: КОТОРУЛГАН $700 МИЛЛИОН КИМДИКИ ЭКЕНИН ТАКТАДЫК

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) “Азаттык” радиосунун иликтөөсүндө айтылган суммалар кайдан чыкканы тууралуу баштапкы маалымат берди.

Бүгүн 31-майда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып мекеменин башчысы Бакир Таиров төмөнкүлөргө токтолду:

– “Азаттыктан” чыккан материалдар боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп, маалымат алып, бүт жактан тактап көрдүк. Азырынча бул каражат “Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” базарларында иштеген ишкерлердин импорттук акчасы деген маалымат келип жатат. Биздин маалымат боюнча, ай сайын 3 миллион долларга жакын акча чыгып турат. Мындай маалымат Финансылык чалгындоо кызматынан көп келет. “Дордойдо” иштеген ишкерлер акча которуунун ушундай жолун табышкан. 15, 20, 30га жакын ишкер чогулуп акча которушат. 6 миллиард боюнча да текшергенбиз, “Кара-Суудагы”, “Дордойдогу”, “Мадинадагы” ишкерлердин акчасы болуп чыккан.

Булак: “azattyk.org”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу