Финансы полициясынын экс-төрагасы Акимжан Муйбиллаев 18 жаштагы кызды зордуктап, Казакстанга качып кеттиби?

Финансы полициясынын экс-төрагасы Акимжан Муйбиллаев деген неме 3-майда 18 жаштагы кызды зордуктап коюп, Казакстанга качып кетип жашап жүрөт экен. Бул туурасында зордукталган кыздын адвокаты Миноваухан Мамбетова АКИпресстеги пресс-конференцияда билдирди.

Мамбетова төмөндөгүлөрдү кенен айтты. Ошол зордукчу неме бир 18 жашар кызга иш таап берем деп алдап үйүнө алып барып зордуктаган. Бул ишти эксперттер тастыктаган. Аталган иш боюнча Ленин райондук милиция бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Анан бир күнү кызды тергөөчү чакырып, күнөөлүүнү алып келип беттештирем деген. Бирок, антүүнүн ордуна иш Бишкек шаарынын милициясына берилет деген. Ошол жердеги бир милиция чоңу кызды коркуткан арызданба деп…

Зордуктаган неме кыздын энесин Баткенден чакырган, энесинин жол киресин төлөп берген. Ал келгенден кийин кызды энесине жамандаган, “бузулган кыз, ал акча талап кылып жатат, сойкулук менен шугулданат” деп. Зордукталган неме жабыр тартканга акча сунуштаган, кыз көнгөн эмес. Укук коргоо органдары кылмышкерди Казакстанга качырып жиберген.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу