Феликс Кулов: «Текебаев акталышы керек»

«Ар — намыс» партиясынын лидери, Феликс Кулов, «Текебаев акталышы керек», деп «АЗИЯnews» гезитине маек курган.

-Феликс Шаршенбаевич, мурдагы вице — спикер, «ата — мекенчи» Асия Сасыкбаева эгер 16 — июлда сот Текебаевди түрмөдөн чыгарбаса, «Ата Мекен» партиясы толугу менен оппозицияга кетерин билдирди. Сиз анын мындай позициясын кандай баалайсыз?

-Бул туура эмес да. Ачык айтканда, зрелый саясатчы: мындай сөздү айтпашы керек. Ал эми жалпы элдин алдында айтканы…  Бул сөз көбүрөөк шантажга окшоп атат. «Маселени коркутуу жолу менен чечебиз» деген туура эмес.
-Юрист катары сиздин Текебаевдин иши боюнча көз карашыңыз кандай?

-Текебаев акталышы керек. Анын Маевскийден акча алганы төгүндөлгүс фактылар менен ынынымдуу далилденген жок. Бирок, эгер бул саясый заказ болсо, андай буйрукту ким берди, Атамбаевби? Анын тегерегиндегилерби? Арадан беш жыл өтөбү, он жыл өтөбү, мунун баары акыры белгилүү болот.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу