Феликс Куловдун кимге добуш бергенин тапкан адам бекер үйлүү болот

Экс-депутат Феликс Кулов: «Жарандын шайлоодо кимге добуш бергенин эч ким биле албайт, ким билсе, үйүмдү берүүгө даярмын», — дейт.

Бишкекте «Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук» деген темада тегерек стол өтүүдө. Аны «Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы уюштурууда.

Феликс Куловдун айтымында, жарандар шайлоодо кимге добуш бергени биометрикалык каттоо боюнча билүү мүмкүн эмес.

«Эл мындай коркутууларга ишенбеши керек. Биометрикалык маалыматтар боюнча жарандын кимге добуш бергенин билип койсо болот деген калп. Эч ким биле албайт. Адамдын бармак изин аныктоо татаал иш, ал бюллетень менен эле бүтүп калбайт. Ал аркылуу ким кимге добуш бергенин эч качан таба алышпайт. Менин кимге добуш бергенимди тапкан кишиге үйүмдү берем», — деди Кулов.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу