Фейсбуктан баш тартсак эмне болот?

Фейсбук биздин күнүмдүк жашообузду жана башка адамдар менен болгон карым-катышыбызды абдан өзгөрттү. Эгерде биз кокусунан андан баш тартсак эмне болот? Бул боюнча америкалык окумуштуулар кенен изилдөөлөрдү жүргүзүп аныктап чыгышты. Жыйынтыгы аларды таң калтырды.

Мүмкүн телекөрсөтүүнүн пайда болушунан бери смартфондордон башка бир дагы технология адамдар ортосундагы сүйлөшүүнүн формасын жана методун, маалымат алуунун жана бош убакытты өткөрүүнүн ыкмасын социалдык тармактардай өзгөрткөн жок. Адамдар менен дайыма байланышта болууга, аларга билдирүүлөрдү жиберүүгө, же алар менен маалымат алмашып турууга азыр көп деле эмгек жумшалбайт. Буга жараша соцтармактардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн байланыштын ылдамдыгы жана чөйрөсү өстү.

Жөнөкөй эле мисал катары мурда эс алуудан сатып алып, ага бир нерсе жазып, марка чаптап, андан кийин почта кутучасына салынган почта ачык катын келтирсек болот. Ачык кат көрсөтүлгөн дарекке эки жумадан кийин жетчү. Ал эми бүгүнкү күндө аны Инстаграмдагы пост, же Вотсаптагы билдирүү, экстраординардык учурларда – лайвстрим алмаштырды. Фейсбук айына 2,3 млрд (2018-ж маалымат) активдүү колдонуучулары менен дүйнөдөгү эң кеңири жайылган социалдык тармак болуп эсептелет. Орточо колдонуучу Фейсбукта, же болбосо анын платформасы болгон Инстаграм жана Мессенжерде күнүнө 50 мүнөт убакыт өткөрөт. Бул Германияга да тиешелүү, ал жерде 30 млн адам байланыштын бул түрү менен ай сайын күн өткөрүшөт, күнүнө 21 млн.

Илим көптөн бери бул көрүнүштүн негативдүү жактары менен күрөшүп келе жатканы түшүнүктүү, ал эми белгилүү болгондой алар аз эмес. Окумуштуулар билдиргендей, соцтармактар адамдарды жалгыздыкка алып келет, аларда депрессияны жана көнүп калууну пайда кылат, ошондой эле жалган маалыматтардын таралышынын катализатору. Буга кошумча жашыруун чөйрөдөгү жана ар түрдүү компаниялардын маалыматтарды чогултуудагы кол тийбестигине тиешелүү коркунучтар да пайда болот. «Кембридж Аналитика» компаниясы менен болгон чыр-чатакты эстейличи. (Улуу Британияда жана АКШда иштеген Cambridge Analytica компаниясы 87 млн Фейсбук колдонуучуларынын өздүк маалыматтарын алып, аларды Америкада Дональд Трамптын президенттикке ат салышуусуна жардам берүү үчүн колдонулган деген маалымат тараган).

Бирок башка изилдөөчүлөр көрсөткөндөй, соцтармактардын жардамы менен коомчулук достошуп, адамдар бири-бирине жакындап, саясий жашоого активдүү катыша башташты. Чынында, бул сыяктуу кээ бир изилдөөлөр соцтармактардын өзүлөрү аркылуу төлөнгөн. Фейсбуктун мурунку президенти жана консультанты Шон Паркер 2017-жылы бир интервьюда мындай деген:

«Фейсбук колдонуучулардын көңүлүн максималдуу түрдө ээлеп алгысы келет. Ал – өзүнүкүн туура деп табуунун социалдык системасы, ал адамдын психологиялык алсыздыгын пайдаланат».

Бул жабык система, биз андан жөн эле баш тарта албайбыз. 1,2 миң адам катышкан британдык окумуштуулардын изилдөөсүндө орточо колдонуучу Фейсбуктан 1000-2000 долларга бир жыл бою баш тартууга даяр экендигин көрсөттү.

Бирок таң калтыруучу башка фактылар да бар: Венадагы медициналык университет жана Техникалык университет менен кызматташкан Кремстеги Карл Паждистайнер атындагы жеке университеттин окумуштуулары изилдөөгө катышуу үчүн 1000 адамды чакырышкан. Бир гана шарт коюлган: катышуучулар жети күн бою соцтармактарга кирбеши керек. Байланыштын башка каналдары болгон СМС жана электрондук почтага эч кандай чектөөсүз уруксат берилген. Натыйжада, соцтармактардан баш тартууга даяр болгон 152 гана адам табылган, 90 адам болсо жети күндүк убакытты көтөрө алышкан эмес.

Ошондуктан Стэнфорд жана Нью-Йорк университеттеринин Фейсбуктан бир айга баш тарта турган 2844 колдонуучу табышкандыгы таң калтырган. Вотсап жана Мессенжер менен гана колдонууга мүмкүн болгон. Изилдөөнүн жыйынтыгы илимий коомчулуктун жогорку баасына арзыган:

«Бул абдан жакшы иш болду. Изилдөөчүлөр себеп-тергөө байланышын жок кылууга жасалган жолду табышты»,- дейт «Нью-Йорк таймс» гезити үчүн изилдөө кылган, Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуусу Эрик Брюньорфесон.

Эми жасалган эксперимент жөнүндө кеңири: катышкандар 18 жаштан чоңдор болгон, алар күнүнө Фейсбукка 15 мүнөт баш багып турушкан. Күнүмдүк орточо эсеп 1 саатты түзсө, активдүү колдонгондор 3 саат жана андан көп убакыт коротору маалым болгон. Башында алар анкета толтурушуп, анда өзүн сезүүсү, саясий көз караштары жана күнүмдүк турмушу боюнча айткан.

Андан кийин изилдөөчүлөр Фейсбукта тажрыйбадан өтүп жаткандардын аккаунттарын бат-баттан текшерип турушкан. Мындан тышкары, тажрыйбага катышып жаткан адамдарга маанайын баалоо үчүн СМС билдирүү жиберилип турган. Бул бир же бир нече күндөн кийин толтурулуучу анкетага караганда психологиялык абалын так билүүгө жардам берген. Бир ай өткөндөн кийин Фейсбуктан баш тарткан адамдар кайрадан анкета толтурушкан.

Жыйынтыгы окумуштууларды таң калтырды: саясий окуялар боюнча суроолорго жооп берүүдө изилдөөгө катышкандар Фейсбукту деактивация кылган учурга салыштырмалуу азыраак упай алышкан.

Бул Фейсбук маалымат булагы катары кызмат кылгандыгынан кабар берет. Эгерде мындай маалыматтын булагы жок болсо, колдонуучулар аны гезитке алмаштырышпайт. Буга кошумча «Көйгөйлөрдү поляризациялоо» бөлүмүнүн көрсөткүчтөрү 5-10% төмөндөп кетти. Бирок орточо алганда ар бир колдонуучу күнүнө кошумча бир саат бош убакыт алышкан, ал эми абдан активдүү колдонуучуларда бул көрсөткүч эки эсе көп. Адамдар көпчүлүк убактысын соцтармактарда гана эмес, достору, үй-бүлөсү, же телеберүүлөрдү көрүү менен өткөрүшөрүн билдиришкен.

«Мен Фейсбук башка платформаларга, мисалы Твиттер, Снэпчат, же болбосо интернет-серфингге алмашат деп күткөм. Бирок андай болгон жок. Мен үчүн бул күтүүсүз нерсе болду»,— деп билдирди Стэнфорд университетинин доктору Мэттью Гентцкоу.

Жыйынтыктоо үчүн Шон Паркердин Фейсбук көнүп калуучулукка алып келет деп айтканына кайрыла кетсек. Келтирилген тажрыйба анын тезисин аныктады. Изилдөө аяктагандан кийин, ага катышкандардын көпчүлүгү Фейсбукту аз колдонууга аракет кылып жаткандыктарын айтышкан. Бирок бир жумадан кийин соцтармактан 10% гана баш тарткан, дагы эки айдан кийин баш тарткандардын саны 5% түшкөн. Ал эми баасычы? Ал баштагыдай эле 100 доллар бойдон калды.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу