Фарид Ниязов менен Нурбек Токтакуновдун “тандеми”: Ойдон чыгарылган жөө жомок…

Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасы аркылуу өзүн укук коргоочу катары көрсөтүүгө далалат жасап жүргөн Нурбек Токтакунов укмуш сенсация таап алгансып, “өткөн жылдагы президенттик шайлоодо С. Жээнбековдун штабы ашыкча акча короткон экен” деген кыйкырык менен чогуу жасалма таблицаны илип чыкты. Ал таблицаны караган адам – анын конкреттүү факты болуп бербей турганына ишенет. Себеби, анда жөн гана атайылап көбүртүлгөн суммалар жазылып, эч кимдин коюлган колу да, мөөр да жок. Андыктан, андай таблицаны ар бир адам өзү каалагандай түзүп ала берсе боло турганын мектеп окуучусу деле түшүнөт.

Экинчиден, бул жалган имишти таратып аткан адам – Нурбек Токтакунов өзү ким? Анын наркотикага көз каранды адам экенин убагында АШАнын маалыматчылары көп жазган.
Ошол эле убакта ал 2010-жылдагы июнь коогалаңынын башкы күнөөкөрү, уюштуруучуларынын бири болгон сепаратист Азимжан Аскаровдун адвокаты. Демек, Кыргызстан деген ыйык мамлекетибиздин мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, аны бөлүп-жарууну көздөгөн эл душманын актаганга аракет кылып жүргөн бузуку.
Үчүнчүдөн, ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупциянын башында турган деп айыпталып аткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун да адвокаты болуп жүрөт. Демек, Нурбек Токтакунов үчүн Кыргызстан деген мамлекеттин эч кандай кереги жок. Ага жакшы суммада төлөнүп бериле турган акча гана керек. Болбосо, өз өлкөсүнүн бүтүндүгүн бузууга аракет жасаган сепаратист менен өз өлкөсүн тоногон коррупционерге адвокат болот беле?
Токтакунов жарыялаган жалган таблицанын дал бүгүнкү күндө жарыкка чыгып атышына дагы ким кызыкдар деген суроону койсок туура болот. Буга экс-ажо А. Атамбаевдин “вазири” Ф. Ниязов кызыкдар. Себеби, ал дагы убагында “Вечерний Бишкек” басма үйүн рейдерлик жол менен тартып алуунун башында турган. Учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан И. Илмиянов тергөө маалында ошол рейдерлик басып алуунун толук сырын ачыкка чыгарып салышы мүмкүн экендигинен улам Ф. Ниязов да өзүнүн артын ойлонуп турат. Ошондон улам ал өз колу менен жасалма таблица түзүп туруп, аны өз элин сүйбөгөн Нурбек Токтакуновдун колуна карматып жатпайбы.

Баарынан да негизгиси, бул жасалма таблицаны алар 24-ноябрда өтө турган курултайдын алдында таратып жатышат. Эмнеге? Себеби, дал ушул маселени курултайда талкуулашсын деген ишаарат менен. Демек, алдыда өтө турган курултайдын максаты эмнеде экенин аңдай баштагансыдыкпы? Кыязы, аны каржылоону да АША моюнга алса керек.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу