Кайсы бийлик келбесин колтугуна кирип кеткен саясый оюнчу Фарид Ниязовдун бир тууган Назар Ниязов деген иниси бар. Агасы Фарид менен Атамбаевдин доорунда 2013-жылы Кыргыз фондулук биржасынын жетекчиси болуп дайындалган. Ошол бала жөн жүрбөгөн бала окшойт, агасын уят кылып , “майлуу-сүттүү” делген Кыргыз фондулук биржасында жөн иштебей көз будамайлап жүргөнүн чукуп чыккан укук коргоочулар ага каршы кылмыш ишин козгоонун үстүндө иштеп жатышыптыр. Анан эмне, агасы куйтуланбай жөн жүрсүн да, туурабы?
Булак: Кyrgyztoday.кg