Фарид Ниязовдун агасы каза болду

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун агасы каза болду.

КСДП партиясынын катчылыгы тараткан маалымат боюнча 62 жаштагы Манас Ниязов узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Фарид Ниязов былтыр март айында берген арызынын негизинде президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан кеткен. Ал президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу