Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду

 Бүгүн, 29-мартта президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго Максат Чегирткеевдин арызынын негизинде кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Фарид Ниязов Атамбаевдин доорунда президенттин аппаратынын башчысы болгон. Оппозицияны куугунтуктап, сөз эркиндигине кысым кылуунун артында турган. 2010-жылдан кийин, кыска убакытта эбегейсиз байлыктарга ээ болуп, Бишкек шаарынын тегерегинде эле гектарлаган жерлерди менчиктештирип алган. Фарид Ниязов маалыматтык саясат жүргүзүүдө эң ыплас чабуулдар менен алектенген адам катары эсте калган. 2019-жылы 20-мартта ИИМдин Тергөө кызматына 2010-жылдын 6-7 –апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасын кылмыш жоопкерчлигине тартуу боюнча Максат Чегирткеев аттуу жаран кайрылган. Фарид Ниязов жана башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан пайдаланып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, дарылатпай, Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышкан. Бул арыз ИИМде 2019-жылдын 20-мартында катталган жана материалдар Баш прокуратурага жиберилген. 2019-жылдын 20-мартында Баш прокуратура Максат Чегирткеевдин арызын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда. 2019-жылдын 20-мартында Баш прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн бул кылмыш ишин өткөрүп берген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу