“Фабула” гезитинин кожоюну алмашты

Эки-үч айдан бери чыкпай калган “Фабула пресс” коомдук-саясий гезитинин кожоюну алмашып, жакынкы күндөрү кайрадан жарыкка чыкканы турат. Дээрлик 10 жылга жакын Кыргызстандагы саясий-экономикалык, социалдык, маданий процесстерди үзбөй чагылдырып, калыстыкты, чындыкты карманганы менен маалымат айдыңында өзгөчө орунду ээлеп, коомчулуктун көңүлүнөн түнөк тапкан “Фабула пресс” гезити жаңы жылда жаңы дем, жаңы чыгармачыл эргүү менен кайрадан окурмандарга тартууланат. Өзгөчө стилде, калыстыкты, чындыкты чагылдырган “Фабула пресстин” жарык көрүшү окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу