Уялбагандан өзүң уял! Өкмөт башчы Абылгазиев бет тырмоочулукка өттү!

120 депутаттын ичинен көзгө илинген, дайым чындыкты айткан аз гана депутат бар. Алар Ырыскелди Момбеков, Алманбет Шыкмаматов, Мирлан Жээнчороев менен Жанар Акаев жана башкалар. Жогоруда аты аталган депутаттар «КТ мобайл» боюнча коомчулукка чынлыкты жеткирип, Өкмөт башчы Абылгазиевдин бажасынын сазайын беришкен. Бүгүн болсо премьер-министрдин командасына тиешелүү болгон соцтармактагы аккаунттар ушул эл өкүлдөрү менен кошо Мегакомдун директоруна каршы кара пиар башташты. Бул жагы «уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» болчуудай. Бирок ага биздин шер эл өкүлдөрү жол бербей эмки депутаттык комиссияда Абылгазиевдин да сазайын берип, орду каяата экенин көргөзүп коюшат болуш керек. Бажасы экөө тең Мегаком кыргыздыкы эмес деп, мамлекеттин мүлкүн билбей жүргөн адамдар эмне максатта «КТ мобайлды» ишке бергиси бар, ал өзүн актайбы, атаандаштыкка кантип чыдайт, Мегаком өзү араң туруштук берип жатса булар неге анча далбастайт же бажасы экөө миллион жейбиз дегег алкымдарына алы жетпей жатабы?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу