“Ушул эки жүздүү, шовинист коллегама ишенбеймин”. Сурабалдиева Карамушкина тууралуу билдирүү жазды

Жогорку Кеңеште ар дайым орчундуу маселелерди көтөрүп келген депутат айым Эльвира Сурабалдиева өздүк баракчасы аркылуу депутат Ирина Карамушкина тууралуу билдирүү жазды.

Төмөндө депутаттын билдирүүсү өзгөртүүсүз берилет:

Саясаттагы эки жүздүү эл өкүлдөрүңөргө көнүп деле калдыңар го? Эстетип кетсем, депутат Ирина Карамушкина эки жылдайбы, расмий сапарда коллегаларыбыз менен РФ бара калып, орустарга кыргыздарды жамандаганын унута элекмин. “Кыргыздар орустарды басынтып, кыргызча сүйлөгүлө деп мажбурлаганынан сыртка чыга албай калдык. Куурадык ай, байкуш СИЗДЕРДИН орустарыңарга жардам бергиле!”- деп, биздин делегацияны иттей жаман абалда калтырган. Орус тилине, союздан бирге өткөн жолду, биргелешкен тарыхыбызды, эмгекти эске алып, расмий статусту берген ЭГЕМЕНДҮҮ мамлекетбиз. Ошондогу жолугушууда бирге отурган байкелерибизден Карамушкинаны аял киши болгону эле соо калтырды. Саясатта аял -эркекке бөлүнбөйбүз деп айтышса да, ордунда эркек болсо, жакындагы парламентте болгон окуяга окшоп, сөздөрү үчүн жеңил кутулмак эмес. Эл өкүлү деген бийик даражага жынысына карабай, аял болсо да, ичтеби, сырттабы, татыктуу жүрүш керек. Келгенде А.Ш. Атамбаевге маселени жеткиришкенин билем, андан да катуу сөз укса керек. Экс-президентибиз каражат жагынан партиялаштарына бир топ жылдан бери жардам берип жүргөнү жашыруун эмес. Карамушкина эжебизди финансы жагынан колдоп келгенин парламентте баардыгы билишет, өзү да жашырбайт. Эми, саясий чөйрөдө болуп жатканын түшүнүп, алдын ала капалангандай.
Иши кылып, башкасы Кыргызстандын келечегине кайгырса да, ушул эки жүздүү, шовинист коллегама ишенбеймин.
Саясатта көп нерсе бар, мындан ары да дагы болот. Парламент бир жылдан кийин 6-созыв менен коштошот. Андан эрте таркаса да, баардыгы кудайдын жана элибиздин көз астында. Бирок, суураныч, жаңысына элдин чыныгы добушун алган, мамлекет- калкыбызга жан дили менен күйгөндөрү келсин десеңиздер – саясаттан экономикабызды өйдө койгон патриотторду шайлап алгылачы, туугандар.
P.S. Айта турган сөздөрүмдү эл астында күндө кыйкырбасам да, бетке айткан адатымды экс-президент да, азыркы ажоо да, коллегаларым да билишет. Саясатта жүргөндөр кыйынсынып баштаганда, жообум кыска – аркаңар таза экенин текшерип алып, анан акыл үйрөтүп, сүйлөгүлөчү деп

Бул билдирүүсү менен эл өкүлү кечээ Жогорку Кеңеште болду делген эки депутаттын ортосундагы мушташты да далилдеп койду көрүнөт.

Булак: Калыс медиа

Аргумент.kg
Жооп калтыруу