Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат…

Кыргыздын уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат деген макалы күнү бүгүнкүдөй маанисин жоготпой келет. Бул макалды эстөөгө аргасыз болдум. Себеби, буга чейин фейсбуктагы “Элита Сатирасы” деген баракчада Сокулуктук Нурлан Абыкылов деген адам Аида Салянованын күйөөсүн сотко бергени жатыптыр. Анын туугандары 60 га жерин тартып алыптыр.  Эми болсо, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Сокулуктун тургуну Нурлан Абыкулов аттуу жаран  арыз бергени жатканы тууралуу маалыматты айрым сайттар жазып чыгышты. Анын сөзү боюнча Ново-Павловкадагы анын 60 га жерине А.Салянованын күйөөсүнүн 20 тууганы келип отуруп алган имиш. Көп жылдан бери аларды чыгара албай жүрсө, Сокулук райондук прокуратурасынын мурунку кызматкери Нурлан Сулайманов келип бул ишти бүтүрөм дептир, бир гектар жерин алып кетип калган имиш. Баса, ал да Бакыт Абдыкапаровдун группалашы имиш. Сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин 1 гектар жерди алып, эми телефонуна жооп бербей жаткан имиш.

Чындыгында  Салянованын кайынэжеси жана башка бир нече туугандары тескерисинче Нурлан Абыкуловдон жер участок сатып алышкан экен, албетте 60 гектар эмес, аз эле. Анан ошол участокторду Нурлан Абыкулов башка да адамдарга сатып жиберет, натыйжада кийинки сатып алгандар ал жерлерге там салып алышып ортодо Салянованын күйөөсүнүн туугандары жерсиз калышат. Ал Нурлан Абыкулов ушундай жер сатуу боюнча шылуун экендигин кийин билип калышат. Кийин мен андай маалымат берген эмесмин , бир тыйыныңарга чейин төлөп берем деген экен. Жерин алдаткан кош бойлуу аял араң издеп тапса , качып, сүйлөшүүдөн баш тартып көрүнбөй кетип калыптыр. Муну кандай максатта, кимдер бул маалыматты бурмалап берип жатканы али белгисиз. Бирок бул жерде кимдир бирөөлөр ушул бурмаланган маалыматты курал кылып, жакшы эмес ой максатын ишке ашырганы жүргөнү көрүнүп турат.

Шамил Карабала уулу

Аргумент.kg
Жооп калтыруу