Уурдалган кытай кредитинин изи Атамбаевге барып такалууда

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң чуулуу окуянын өнүгүүсү кайрадан күч алабы? Эксперттер маховиктер жаңыдан гана айлана баштаганын, камоолор мындан ары да уланып, өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевге да кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айта башташты.

“Кыңыш иш кырк жылда” дейт кыргызда. Көрсө, акыркы 6 жылда Кыргызстандын жогорку бийлик төбөлдөрүнүн басымдуу бөлүгү коррупцияга малынып калган тура. Бул Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин ачыкка чыгып олтурат, ЖЭБди кытайлык TBEA компаниясы модернизациялоодон өткөргөн эле. Объект 2017-жылдын күзүндө эксплуатацияга берилсе, ушул жылдын январындагы катуу сууктан улам ЖЭБдеги жабдуулар иштен чыгып, Бишкектин эли 1 жума жылуулуксуз жана жарыксыз калышты. Албетте, авариядан соң “эмне үчүн мындай болду, ЖЭБ жакында эле оңдолуп-түзөлбөдү беле, ага 386 млн. доллар коротулбады беле?”, — деген мыйзам ченемдүү суроолор пайда болду. Анан кызыктын баары ошондон кийин башталып, чындык чыркырап чыкпадыбы…

Чындыкка жетүү маселесин алгач Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыгышты. Авариянын себебин парламенттик комиссия аныктамай болду. Депутаттар кабыл алган токтомго ылайык, УКМК, Башкы прокуратура жана Эсеп палатасы менен биргеликте 3 айдын ичинде маселени дыкат, тыкыр иликтеп чыкты. Маселенин чоо-жайын ичтен иликтеп чыгышкан депутаттар ЖЭБде орун алган коррупциялык схема боюнча айтарга сөз таппай калышты. Анткени, тирукмуш фактылар ачыкка чыкты. Базарда баасы 100 сомдон ашпаган аттиштер ЖЭБ үчүн 320 доллардан сатылып алынып, баасы бир канча эсеге ашыра бааланганын билдик. Транспорттук жана консультативдик чыгымдар, эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу иштери 10-20 млн. доллардын башын чапчыптыр. Макулдашууга ылайык, кытай тарап 386 млн. долларга Бишкек ЖЭБинин үчтөн бир бөлүгүн гана жаңылашы керек болсо, Тажикстанда бул суммага жетпеген акчага жапжаңы ЖЭБ курулуп, ишке киргизилди. Бул эмнеден кабар берди? Кытай тарап менен кредиттик макулдашуу өлкө үчүн кымындай да пайдалуу болбогонун, макулдашуу айрым бир чиновниктердин капчыктарын кампайтуу үчүн гана түзүлгөнү айкын болуп атпайбы!

“Ырынан чыры көп” болгон Бишкек ЖЭБин модернизациялоо экс-президент Атамбаевдин айланасындагы бир катар үлкөн чиновниктердин эркиндиктери менен карьералары үчүн кымбатка турду. Балким, авария болбогондо, ЖЭБде ишке ашырылган коррупциялык схема тууралуу эч нерсе билинбей калмак. Бирок бул боюнча жүргүзүлгөн тергөө, иликтөө иштеринин жыйынтыгы өлкөнүн тарыхындагы эң чуулуу коррупциялык окуя орун алганын көрсөттү. “Бутага” өткөн бийликтин тушундагы дээрлик бардык бийлик төбөлдөрү алынды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго коррупция боюнча айып тагылды. Ал 2013-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары катары “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунда кызмат абалын пайдалануу менен чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоп, андай аракети менен өлкө бюджетине ири суммада зыян келтирген деп күнөөлөнүүдө.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге да кылмыш иши козголду. Ага КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (“Коррупция”) 1-бөлүгү жана 30-берененин (“Кылмышка катышуу”) 6-бөлүгү боюнча айып тагылууда. Ошондой эле Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана рангалары төмөн бир канча чиновниктер айыпталууда. Башка коррупциялык иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине Сапар Исаковдун мурдагы орун басары Аскарбек Шадиевдин да тартылуусу күтүлүүдө. Бирок “сагызгандай сак” Шадиев бул ирет да сактыгын көрсөтүп, чет өлкөгө качып кетүүгө үлгүрдү. Атайын кызматтардын өкүлдөрү А. Шадиев Тажикстандын чек арасы аркылуу АКШга качып барып, ошол жерде башпаанектеп жүргөнүн айтышууда.

ЖК депутаттары өздөрүнүн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы менен негизги жоопкерчилик экс-президент, СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаевде экенин белгилешти. Бирок экс-президентке кылмыш ишин козгоого анын Башмыйзамда каралган кол тийбестик макамы жол бербей келүүдө. Мыйзам чыгаруучулардын бул боюнча пикирлери бир кылка эмес. Көпчүлүгүн бир жагдай ойлондурууда:  — Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопкерчиликке тартса болот, депутаттарды өзгөчө оор кылмыш иштер менен камаса болот, ошол эле кезде экс-президентке карата эч нерсе кыла албайсың. Экс-президентке мындай өмүр бою каралган индульгенциянын эмне кереги бар? Ушундан улам эл өкүлдөрү өлкөнүн экс-президенттерин кол тийбестик макамынан ажыратууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну көздөшүүдө. Андай болсо Фемида Атамбаевге да жетерин бөркүбүздөй көрөлү.

Бирок элге, өлкөгө келгенде ооз ачпаганы менен табакташтарына келгенде пикир айтууну адатка айландырган Атамбаев соратниктеринин камакка алынуусу боюнча да үн катты. “Жезкемпирлере аңчылык болууда” деген экс-президент бүгүнкү бийликти акылына келүүгө чакырып өттү. Мурдагы өлкө башчысынын айтканына ишенсек, бул камоолор акылга сыйбайт экен. Мындан сырткары, ал Исаков менен Кулматовдун Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодо орун алган коррупциялык схемаларга катышы жоктугун билдирди.

Атамбаев өзүнүн билдирүүсүндө:  “КЭРдин насыя акчасынын эсебинен ЖЭБди реконструкциялоо боюнча стратегиялык чечимдерди, ошондой эле кытай тараптан подрядчикке макулдук берүү чечимин да өкмөт, башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен сүйлөшүп, кеңешүүлөрдөн кийин өлкө башчысы катары мен кабыл алгам”, — деп айтты.

Экс-президенттин версиясын ээрчий турган болсок, учурда коррупцияга каршы күрөшүү шылтоосу менен өзүнүн пикири, позициясы барлардын баарына “аңчылык” башталыптыр. Ошол эле кезде партиянын төрагасы СДПК партиясы өзүнүн лидерлеринин камакка алынуусуна байланыштуу мыйзамга каршы эч кандай аракеттерге барбай турганын, бардыгы мыйзам чегинде гана болорун эскертип, белгилеп өттү.

Ал эми бийлик коррупция менен күрөшүүнү аягына чыгарууга, мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин чиндерине, салмактарына, жасаган эмгектерине карабай күнөөлөрү далилденсе, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусуна ишендирүүдө.

Булак:

Аргумент.kg
Жооп калтыруу