Усубалиевдин атын аянтка ыйгаруу сунушу колдоо табабы?

Бишкек шаардык кеңеши мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал токтомдо Бишкек шаарында Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан аянтка (Эски аянтка) анын атын ыйгаруу сунушталган. Буга чейин Тарых музейге, Свердлов районуна, Кочкор районуна жана Бишкектин Киев, Нарындын Ленин көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү тууралуу сунуштар айтылган.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу