Урмат Акунов, Теңир-Тоо ынтымак коомунун жаштар төрагасы: “Кыргызстан кечээ, бүгүн, эртең”

— Урмат мырза, Жаңы кодекстер боюнча оюңуз кандай?

— Мыйзамдар бүгүнкү күндө бийликке абдан терс көз карашты көрсөтүп жатат. Бирок коомчулук муну мурунку ажонун убагында башталганын билбейт. Атамбаевдин кол депутаттары ошол мыйзам элге керекпи же ал кереги жокпу дебестен бир окуудан кабыл алып беришкен. Бүгүн курмандыгы болуп Абылгазиев жана анын алсыз өкмөт мүчөлөрү туш келди. Эгерде депутаттардын арасында Дооронбек Садырбаев агабыздай элдин үнүн чыныгы айткан элдик депутат болгондо, элге мынчалык кара мүртөздүк кылмак эмес. Кеч болсо дагы улуу Жогорку Кеңештин трибунасынан ийилип кетирген күнөөсүн мойнуна алып элден кечирим сурамак. Бирок азыркы учурда депутаттарда андай агаларыбыз жок экендиги коомчулукка маалым.

— Коопсуздук кеңешинин бул жолку жыйыны кандай өттү?

— Коопсуздук кеңеши эл күткөндөн дагы башкача өңүттө өттү. Бул жерде Президенттен чечкиндүү кадамдар көрүндү. Тоокен ишканасындагы буга чейин толуп келген көйгөйлөр бар экенин Президент өзү айтты. Ошондой эле 41 лицензияны бир эле адам ээлик кылгандыгы президентти эле эмес коомчулук дагы жээк көрүү менен кабыл алууда. Бул эмнени билдирет? Бул ошол жерде Бакиев, Отунбаева, Атамбаев бийлиги тушунда бул жерди бир ууч адамдар эл байлыгын өз кызыкчылыгына пайдаланып келгендиги маалым болду. Мамлекеттик геологиялык чалгындоо комитетинин жетекчиси Эмиль Осмонбетов бул жерде дыкаат изилдеп Президент койгон кемчиликтерди жоюп, президенттин колуна-кол, бутуна-бут болуп бул жерде эл ишеничине кириш керек.

— Эл эмнени күткөн?

— Биринчиси, Транспорт коммуникация министрлигиндеги коррупция иштери кандай жоюлат жана бул мекемени кандай кылып алдыга сүйрөйт. Экинчиси, Ширшов тарабынан түзүлгөн Энергохолдингдерди жоюп, мамлекеттик энергетика мекемелерине түздөн-түз өткөрүш керек. Буга далил катары Атамбаевдин уулу Сейтек жана Семетейлер ГЭСтерден чыккан светтердин өлкөгө жана сыртка кымбат баада сатылып жаткандыгы коомчулукту ушул күнгө чейин нааразы кылат. Үчүнчүсү, Коомчулукта азыр көбүрөөк айтылып жаткан акчалуу жана “бандит депутаттар” атка конгон депутттардын коом астында өз милдеттерин толук аткаралбаганына баа берип, жеке өзүнүн оюн айтса жакшы болмок. Төртүнчү кадр маселеси. Буга чейин революциядан кийин ишти билсе билбесе дагы революциялык кыймылдарды түзүп, революцияга жамынган ар кандай партиялар көбөйдү. Алар ар кандай жолдор менен мансапка жетишти. Негизи бул көчтү Атамбаев жана анын эң жакын адамдары болгон Фарид Ниязов жана Илмияновдордор экени баарыбызга маалым. Ушул адамдар Айыл өкмөттөн баштап эң жогорку кызматтарга чейин көрүнгөн адамдарды дайындашып, өлкөнү кадрдык кризиске учуратышкан. Президент жана Өкмөт бул маселеге тыкыр көңүл буруп, өлкөнү кадрдык кризистен алып чыгыш керек. Ошондой эле ар бир болуп жаткан саясий болобу коомдук болобу митинг нааразычылыктарга тийиштүү өкмөт мүчөлөрү учурунда өз жоопторун берип жана аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматтар берилсе элге дагы жакшы болот эле.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу