Урматбек Акунов: “Садыр Жапаровдун жакындары президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди”

Жаш активисттердин бири Урмат Акунов, жеринен Садыр Жапаровдун туугандары КР Президенти Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдиргенин айтты.

—Бүгүн, 9-мартта саясатчы, мурдагы депутат, кыргыздын чыгаан уулу Садыр Жапаровдун апасы маркум Хадижан Максутованын апасын жерге берүү зыйнатына катышып жатамын. Топурак салуу зыйнатына белгилүү саясатчылар келишти. Бул жерде бүгүнкү президентибиз Сооронбай Жээнбековго Садыр Жапаровдун жакын туугандары, кудаа-сөөктөрү апасына акыркы сапарга узатып, топурак салганга руксаат бергенине абдан ыраазычылык билдиришти. Садыр Жапаров дагы сөз сүйлөп “ак ийилет бирок сынбайт, акыйкаттыкты ушул президентттен күтөбүз”, деди. Учурда көптөгөн саясатчылар Садыр Жапаровду жандап көңүл айтып жүрүшөт. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү дагы келип сөз сүйлөп, аз күндө Садыр Жапаров боштондукка чыгаарын билдирип, Садыр Жапаровго кайрат айтты, деди активист Урматбек Акунов.

Эске сала кетсек, мурдагы депутат, саясый куугунтукка алынып камакта жаткан Садыр Жапаровдун апасы Хадижан Максутова 7-март күнү 77 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бүгүн, 9-мартта Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылына жерге берилди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу