Уран чуусу кыргыз-орус кызматташтыгына доо кетиреби?

Өткөн айда Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келип, маанилүү 17 келишимдерге кол коюп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн, карым-катнаштын өскөнү кубануу менен белгилеген болчу. Кыргызстанда 700дөй биргелешкен ишкана ийгиликтүү иштеп жатканын айтып, мунайгаз тармагында жылыштарды болгонун, «Газпром» Кыргызстанды 2030-жылга чейин газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы планды ишке ашырып жатканын да баса белгилеген.

«Орусиялык концерн 100 миллиард рублдин 16 миллиардын инвестиция кылган. Мындан улам газдаштыруу 22 пайыздан 30 пайызга жетти. Муну 60 пайызга жеткирүү планы бар жана бул пландын ишке ашарына көзүм жетет. Бүгүн биз ВТБ банкы, «Группа Альянс» жана кыргызстандык «Альянс Алтын» Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча ири долбоорду ишке ашыра баштайт деп сүйлөштүк. Жакынкы 20 жылдын ичинде долбоорго 600 миллион доллар инвестиция салынмакчы»-деген болчу Путин.

Ушул тапта айрым социалдык колдонуучулар Россиядагы кыргыз мигранттарына орус бийлигинен кысым болуп, даттануулар болуп жаткандыгын айткан жарандарыбыздын пикирлерин жазып чыгышууда. Билинбеген аракеттерге баам салсак, Россия миграция маселесине мамилени өзгөртүп, алардын акча салымдарына атайын чек киргизгени да болду. Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей жакында күйүүчү майга болгон баанын 15%га көтөрүлүшү айтылууда. Кыскасы, «урандын чуусу эки өлкөнүн мамилесине доо кетирип жатабы?»-деген ойлор келе баштады.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу