Уран тууралуу ЧЫНДЫК: Кыргызстандагы уран кенин казууга биринчи Медведев кызыктар болгон… Убактылуу Өкмөт ишке ашырган…

Кыргызстанда урандын тарыхы Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхына келсек, 2007-жылдан баштап Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар көбөйө баштайт. Ал кезде Дмитрий Медведев президент болуп турган Орусия Камбар-Ата-2 ГЭСинин аркасы менен 2 миллиард доллар насыя, 150 миллион доллар грант берүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталат. №151 мыйзам Орусия тараптан 450 миллион доллар келип түшкөн соң, бул келишим бузулуп аткарылган эмес.

Аягы Бакиевдик бийлик келишимден чыгып, бийлигинен кол жууган…

Балким уран кени себеп болдубу, Орусия Бакиевдик бийликти жээрип, 150 млн долларлык грантты жана 300 млн долларлык насыя бардыгы 450 млн доллар берген соң, калган 1 млрд 700 млн долларды берген эмес. Анткени, 2009-жылы президент Бакиев «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамына кол койот. Бул мыйзам айлана — чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынган. Мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн көп кендерди иштетүү үчүн тыюу салынган. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасында чарбачылык жана башка обьекттерде, юридикалык жана физикалык тараптардын иш-аракеттерине, долбоорлоруна, иликтөөлөрүнө жалпы талап коюлуп, калкка зыян келтире турганы аныкталса тыюу салынган. Бул мыйзамдын негизинде Кызыл-Омпол уран кениндеги иликтөөлөр токтотулган.

Уран бүгүнкү күндө Бакиевдик бийлик 2010-жылы 7-апрелде кетет…

Убактылуу Өкмөт бийликке келет. Көп өтпөй «Юр-Азия Кыргызстан» компаниясы ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары мамлекеттин экономика жаатын тейлеген Алмазбек Атамбаевге тиешелүү жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин бадырайта жазылган колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган.

2010 — жылы июнь айында кабыл алынган Конституция боюнча, ошол эле жылдын 16-октябрында парламенттик шайлоодон соң, КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияны түзө албай калышат. Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» партиясы көпчүлүк коалицияны түзүшүп, өкмөт башына Алмазбек Атамбаевди алып келишет. Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө 2011-жылы ошол кезде кен иштетүү тарабын жетектеген Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнүн мүчөсү министр Замирбек Эсенаманов тарабынан лицензия берилген. Бирок, бул кургур Замирбек Эсенаманов кол койгонго жетише албай калган окшойт. Андан кийин болгон Учкунбек Ташбаев Бабанов өкмөт башынан кеткен соң куугунтукталып, камакты да көрүп келген, бирок уран кенине лицензияга кол койгон эмес.

Ал кездеги президент Атамбаев «Жакшылыкка жамандык» кылып, 2012-жылы өкмөт башчысынан Бабановду кетирген. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылы сентябрда жаңы өкмөттү түзгөн. «Чу» дегенде эле чунуңдаган Чунуев чукул аранын ичинде кимдир бирөөлөргө таянып, текейден арзан 300 сомдук лицензияларга кол коюп бере баштайт. Кызыл-Омпол уран кенине уруксатты 2012-жылы ал кезде Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев түзгөн өкмөттүн кен жана жаратылыш ресурстары министри ишенимдүү чунуңдаган Ишимбай Чунуев колун бадырайта коюп, лицензия берген. Арзан лицензия берүүнүн устаты Ишимбай Чунуев бир гана Кызыл-Омполдогу жерге лицензия берген эмес, ал көптөгөн кендерге лицензия берген, анын бири «Куттуу-Сайдагы» сейрек кездешчү кенге 300 сомго лицензия берген, аны 300 сомго мамлекетке акча төлөп алган канадалыктар, Канаданын Торонто шаарына биржага 410 миллион долларга акциясын коюшкан. Бул жерде мамлекетке 300 сом түшүргөн Чунуев канадалыктарга канча пайда түшүргөн? Балким, Чунуев тиешелүү адамдары менен бюджетке 300 сом түшүрүп коюшуп, өздөрү мындай кымбат баалуу кендерден «шапке» деген балакетти алгандыр? Болбосо, баланын оюнундай кылып, 410 миллион доллардык кенди 300 сомго кантип берсин?

Кана ким алмашат 410 миллион долларды 300 сомго?

Атамбаевдин көзүн жалооруп карап жүрүп, жоктон тапкансып министр болгон Дүйшөнбек Зилалиев 2015-жылы уруксатты узартууга кол койгон. Зилзала жүрсө да силкинип койбогон Зилалиев бул орунга таштан чыккан жаракадай болуп бекер жеринен келген эмес, ал кимдир бирөөлөргө өтө зарыл керек лицензияларды узартып берүү үчүн гана келген. Лицензияларды узартып жүрүп Алмазбек Шаршеновичтин ишенимине кирип, май талкандуу жерлерде гана жүгүрүп, кийин Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер кызматын аркалап, миллиондорду бир тыйындай көрбөй миллиондор менен карта ойноп калганын, 2018-жылдагы анын үйүн мыйзамдуу тинтүү убагында белгилүү болду. Дүйшөнбек Зилалиев 2017-жылы жаңы президенттин инаугурациясына чейин эле вице-премьерликтен кеткен, инаугурация учурунда президенттер түшүп бараткан машинага «бомба» коюлду деп жалган маалымат тараткан.

Бүгүнкү күнү урандын кени 28 өлкөдө гана бар, анын ону уран кенин иштетүү боюнча алдыда турат. Биринчи Австралия, экинчи Казакстан, үчүнчү Орусия. Орусияда урандын 800 миң тонна запасы бар, жети жерде урандын кенин иштетип жатышат. Алдыда боло турган иштерге аналитика жасасак уранга болгон талап өсүп баратат.

Сталин жана уран Кыргызстанда уран маселеси бүгүн гана чыга калган жок Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кан шаарчаларындагы уран СССР убагында 1952-жылдан 1966-жылга чейин иштетилген. Ал кезде МАГАТЭ сыяктуу уранды иретке сала турган эл аралык уюмдар богон эмес. Ошондуктан, уран чар-жайыт Москванын көзөмөлүндө казылып алынчу. Буларды көөмп, тазалап, жок кылуу Москванын көздөй милдети болсо да СССРдин тарап кетишине шылтоолоп, өз жериңердеги көйгөйдү өзүңөр чечип алгыла дегендей салкын мамиле кылышкан. Кыргызстандын бюджети үчүн бул уран калдыктарынын салмагы оор болгон.

Арийне, МАГАТЭнин кийлигишүүсү менен «Росатом» урандардын калдыктарын жоготууга көңүл бура баштаган. Улуу Ата-Мекендик согуш ортолоп калганда эле дүйнөлүк лидерликти талашып СССР, АКШ, Германия атом бомбасын чыгаруу үчүн уран кенине кызыгуулар күчөгөн. Ал кезде «Ит талаган түлкүдөй» кылып Кыргызстандын Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кан шаарчаларындагы уран кенин казып алышып көмүмүш болуп кетип калышкан. Ушул СССРдин калтырып кеткен калдыктары бүгүн кыргыз элинин жүрөгүнө кадалган оор дарт болду. Азыркы учурда уранды иштетүүнүн жаңы ыкмалары колдонулат.

Уран иштетүү боюнча кошуна Казакстан 17 500 тонна менен дүйнөдө биринчи орунда. Алтынчы орунда Орусия 3 600 тонна, жетинчи орунда ашынабыз Өзбекстан 2 400 тонна.

Уран чыгаруу боюнча эки жолу бар, биринчи ачык, экинчиси жер алдында иштетүү. Ачык жолунда уранды иштетүүдѳ байытуунун гравитациялык деп аталган ыкмасы да колдонулат. Гравитациялык ыкмада пайдалуу кендер химиялык заттар колдонулбастан алынат. Бир гана жүгүртмѳ суулар пайдаланылып, кийин ал жасалма кѳлгѳ топтолуп, кайра тазаланат. Уран чыга турган «Таш-Булак» кенинде так ушул экологияга зыяны тийбеген граватициялык ыкма колдонулат. Андан бекемделген контейнер менен уранды кайра иштетүү үчүн Кара-Балта тоо-кен комбинатына ташылып, ошол жерден инвесторлорго жөнөтүлөт. Иштете тургандар концентратты атайын коргоочу контейнерде ташылат, бул айлана-чѳйрѳнү булгоого жол бербейт дешет. Балким, бул тууралуу экологдордун сөзүн угуп көрөрбүз. Уран тууралуу экологдор эмне дейт? Ысык-Көлдөгү «Кызыл-Омпол» уран кенинде чалгындоо иштери жүрүп жаткан, ал жердеги экологиялык коопсуздук да сакталып, жергиликтүүлөргө зыяны тийбейт деп ишендиришүүдө.

«Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамы унутулдубу?

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов мындай дейт: «Бардыгы эле радиациянын зыяндуулугу же ушул сыяктуу пикирлерин айтып жатышат. Ал жакта радиациянын кайсы түрү бар? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Биз атайын мониторинг жасадык. Мындан улам, мен аймакта радиация күчтүү дегенге кошула албайм. Кен жайгашкан аймакта болгону 7-8 чабандын үйү бар экен. Ал эми Балыкчыдан 30 км узак. А Кочкорго чейин андан да узак. Экинчиден, аяктан уранды чайкап туруп эле, Кара Балтага алып кетишет. Анан да, Кызыл-Омпол аймагынын айлана-чөйрөсүн жаңы технологиялар менен коргоп (рекультивация жасап) беребиз деп жатышат. Бардыгы бүткөндөн кийин тыкыр текшерүүдөн өтөт. Кийин ал жерге кайра чөп өссө, мал жайсак жаманбы? Азыр барып көрсөңөр, чөбү саргайып кеткен, уранды алып кетип, дарылагандан кийин айлана кадимкидей тазара түшөт. Кара-Балтада Советтер Союзунан бери эле иштеп келе жаткан тоо-кен комбинаты бар. Кенди сактай турган жери талапка толук жооп берет. Жаман бир нерсе болуп кетет дегенге мен такыр кошула албайм. Кенден чыккан саркынды суулар Чүй каналына куят деп да жатышат… Мен Чүйдүн каналына куят дегенге такыр кошулбайм. Андай болушу да мүмкүн эмес. Ал үчүн химияны терең окушубуз керек болуп калат. Бул кенди жөн эле ызы-чуу кыла берген болбойт. Бул атомдук же ядролук жарылуу эмес да. Бул жердеги жаралып жаткан тополоңго такыр түшүнбөй койдум. Кен иштетүүчү компаниянын лицензиясы 2020-жылы бүтөт экен. Элге мыйзам чегинде каражат төлөп жатышса, бардыгы талапка жооп берип жатса, карап көрүп ГКПМ чечип бериши керек да. Токтобошу керек. Себеби, аталган жактан уранды алып кетүү отуз жылдык долбоорду түзөт. Бардыгы талапка ылайык иш алып барышат. Радиацияны эч ким көрбөйт, же кармап жыттай албайсың. Болгону, каражаттын жардамы менен иш жүргүзүлөт. Уранды чыгарып кеткен соң ал жер кадимкидей тазарып калат». Бул Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун пикири.

Сөз аягы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьери Кубатбек Боронов: «Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Компаниянын колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык». Уран тууралуу былгып жаткан маселелер ачыкка чыгып, азыркы убакта кыргыз элин кыйла удургутуп барды. Аз жерден уран казсак эле Чернобылга айланабыз деп түшүнүп-түшүнүшпөй чуу салгандар да болду. Уран радиациялуу зат экенин эч ким танбайт. Кыргызстанда уран качан МАГАТЭнин эксперттери терең анализден өткөргөн соң гана уран кенин иштетүүгө уруксат алышат. «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамы күчүнөн тайыдыбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВNazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу