Уран изилденбесин да казылбасын!

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Бактыбек Турусбеков, Дастан Бекешев жана Алтынбек Жунус уулу Кыргызстанда уран жана торий кенин геологиялык жактан изилдетүүгө жана алардын кенин иштетүүгө каршы мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул мыйзам элдин ден- соолугун сактоо, жартылышты коргоого багытталган. Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин россиялык “Юр Азия” компания иштетмекчи болгондо эл чуу салып токтотуп калышкан.

БУЛАК: Багыт .кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу