Унаа каттоо арзандайт

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта унааны каттоо жана кайра катгоо арзандайт. Башкача айтканда мурдагыга салыштырмалуу 589 сомго акчаңызды үнөмдөй аласыз. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик басмаканалар 4 эсе арзан. Башкача айтканда унааларды каттоо жана кайра каттоо мурдагыдай эле 920 сомду түзөт, бирок бланк 192 сомдон (мурда 781 сом 50 тыйын) берилет.

Мамлекеттик номердин баасы дагы мурдагыдай эле — 788 сом. Натыйжада каттоо азыркыдай 2489 сом 50 тыйын эмес, 1900 сомду түзөт. Подрядчы компания бланкаларды бир ай мурда жеткирүүнү убада кылган. Мындан улам 1-августтан тарта бериле баштайт.

Мындан ары өкмөттүн токтому менен президеттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы «Учкун», «Госзнак» жана «Типография» ишканалары мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт.

Булак: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу