Умуралиева: Дарактар кыйылса митингге чыгабыз

«Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева ​2019-жылга пландалган Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо ишинде дарактар кыйыла баштаса митингге чыгарын билдирди.

— Жаз келгенде жолдорду реконструциялоонун экинчи фазасы башталат. Дагы 49 көчө оңдолот. Биз мэрияга кат жазып, «биринчи фазадагы каталарды кетирбей, баарын эске алалы» деп кайрылганбыз. Андан кийин тийиштүү адистер менен жолукканыбызда алар Жунусалиев көчөсүндөгү 310 дарак кыйыла турганын айткан. «Эмне себептен кыйылат?» десек «автоунаа токтотуучу жай жасайбыз» дешет. Кайра эле дарактарды кыйышат экен. Биз же экологияны сактайбыз, же машинелерге жер жасап беребиз. Эгер бак-дарактарды кыйышса, митингге чыгабыз, — деди Умуралиева «Азаттык» радиосуна.

2018-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруунун пландары талкууланган. Калича Умуралиева мэриянын өкүлдөрү менен быйыл да сүйлөшүүлөр болорун кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда былтыр баш калаада 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэрия бак-дарактарды кыюу инфраструктура үчүн аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети көчөт отургузулганын маалымдаган.

Бишкекте тал-теректерди кыюуга каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу