Умар Анарбаев, Талас облусу: «Садыр, атанын көзүн көрбөдү, апасын жыттап өппөдү…Кайрат кыл Садыр, кайрат кыл…»

Кыргыз элинин эр жүрөк уулу, белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун апасы дүйнө салды. Садыр, кылымдын “аферасы” атыккан “Чубактын бүтпөс кунундай чууга айланган” Кумтөр чуусунда адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, башын “канжыгага байлап койгон жигит”. Кыргыз Элим деген мындай жигиттер тилекке каршы саналуу. Элинин келечеги, адилеттулук үчүн жан үрөп кызмат кылчу Садырды жалпы Кыргыз журту колдойт! Садырга жана бир туугандарына азасын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Апабыздын жаткан жери жайлуу болсун, Жараткан жаннаттан орун берүүсүн тилейбиз!

С А Д Ы Р Г А

Атадан уул төрөлөт

Кызматын жалпы эл көрөт,

Эр-жүрөк уулун Садырдай

Өз Эли-Кыргыз көтөрөт.

 

Элимдеп, күйүп түтөнүп

Көбөштөр анда күчөнүп,

Садырды камап салышкан

Чындыктын жолу бүтөлүп.

 

Жалпы журт эли түйшөлүп,

Достору кейип-күймөлүп.

Кайгырып жатып уулуна,

Атасы кеткен үйдө өтүп.

 

Топурак Садыр салалбай,

Өрттөнүп, күйүп жанардай.

Аргасыз жатып абакта

Айылына калган баралбай.

 

Атанын көзүн көрбөдү,

Апасын жыттап өппөдү.

Жүрөгү ташпы “жалгандын”…

Карашып турган көптөрү…!

 

Келет деп, уулун жол карап,

Жыттабай уулун көп самап.

Оо дүйнө салды апасы,

Жаннатта жаны аманат.

 

Карасы күндүн кайтаттыр,

Ооруган көңүл айыгаттыр.

Азаңды Элиң бөлүшөт,

Кайрат кыл, Садыр кайрат кыл!

 

Чындыктын жолу тайгактыр,

Бүркүттү торго кармаптыр.

Артыңда Кыргыз Эл турат,

Адилет сөзүн айтаттыр!

 

(Кабыланбек Балкыбеков-Ай-Тамга) “Акыйкат” кыймылынын атынан, төрагасы: Умар Анарбаев, Талас облусу

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу