“УЛУТТУК ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ХОЛДИНГДИН” МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ АЙБЕК КАЛИЕВ КАМАККА АЛЫНДЫ

УКМКнын басма сөз кызматы билдигендей, бүгүн, 18-апрелде “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев кармалды.

Маалым болгондой, Калиев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалды. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-апрелде Айбек Калиев “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын төрагасы кызматынан бошотулган.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу