УЛУТТУК ГОСПИТАЛДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШТЕБЕГЕН АДАМДАРГА АЙЛЫК ЧЫГАРЫП ЖҮРҮШКӨН

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кызматкерлери 883 миң 746 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, госпиталдын кызматкерлери мурун иштен кеткен кызматкерлерге маяна чыгарып, аларды карточкаларга которуу менен акчаларды жеп келишкен.

“Ишенип берилген мүлктү жок кылуу же өзүнө ыйгарып алуу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык”, “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу