Улуттук борбор: ЖЭБ боюнча камалгандардын абактагы шарты жакшы

Кыргызстандын Кыйноолорго каршы улуттук борбору Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы аткаминерлердин абактагы шарттары тууралуу маалымат берди. Мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып жаткандардын шартын жалпысынан жакшы деп мүнөздөсө болот:

— Жаза аткаруу кызматынын изолятору менен, милиция системасынын убактылуу кармоочу жайлары жана башка жабык абактар менен салыштырганда УКМКнын тергөө абагында шарт жакшы. Эл аралык стандарттарга максималдуу жакындатылган, таза, өзгөчө жыт жок, спортзалы бар. Ичи жылуу. Ал жерде отургандардан да кармоо шарты тууралуу эч кандай даттануу түшкөн жок. Болгону, негизги иши боюнча нааразылыгын айта башташат, биз ага кийлигишүү укугубуз жок экенин түшүндүрөбүз.

2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишкана – ЖЭБде авария болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. Жалпысынан 14 адамга айып коюлган, алардын 11и камакта. Жетөөнүн соту Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

“Коррупция” беренеси боюнча айып мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, экс-министр Осмонбек Артыкбаевге, Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиевге жана экс-мэр Кубанычбек Кулматовго тагылган. Төртөө тең 2018-жылдын июнь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Насыяны Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» үстүнө 106 миллион доллар кошуп төлөө шарты менен алган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу