Улуттук банк 300 миллионго балуу кагаз чыгарды

Кыргызстандын Улуттук банкы 300 миллион сомдук баалуу кагаздарды чыгаргандыгы маалым болду. Облигациялар беш жылдык мөөнөткө берилет. Акыркы төлөм кылчу күн 2024-жылдын 24-июн. Бир эле балалуу кагаздын баасы- 82,43 сом, көрө турган киреше- 10, 62 пайыз.  Облигация- бул банктык депозитке альтернатива болуп саналган карыздык баалуу кагаз. Аны акча керек болгон учурда кайсы бир ишкана же мамлекет чыгарат. Облигация сатып алуу менен жаран акчасын банкка өткөрөт, тагырагы, карызга берет. Ал эми  банк акчаны пайдалангандыгы үчүн баалуу кагаз ээсине үстөк пайыз төлөп турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу