Улугбек Ормонов: «Эл арасында тынчсыздануу бар экени байкалып турат»

«Бир бол» фракциясынан ЖК депутаты, Улукбек Ормонов, «Эл арасында тынчсыздануу бар экени байкалып турат», деп «АЗИЯnews» гезитине маек курган.

— Улугбек Зулпукарович, депутаттар тобу округга барып, шайлоочулар менен жолугушуп жаткан экенсиздер. Эл эмне көйгөйлөрдү айтышты?

— Биз Өзгөн, Сузак жана Чоң — Алай райондорунда жолугушууларды уюштурдук. Негизги маселелер социалдык объектилердин: мектептердин, бала бакчалардын, жолдордун курулушу тууралуу болду. Чоң — Алайда дамба меселесин коюшту. Суу аябай кирип атыптыр азыр. ӨКМдин, каржы министрлигинин, курулуш агенттигинин жетекчилеринин орун басарлары да чогуу барган. Чоң — алайлыктар курулуш иштери азыр жүргүзүлбөсө, эки айдан кийин болбой каларын айтышты. Ошондуктан, сентябрда бийик тоолуу, алыскы райондорго курулушка бөлүнгөн акчаны март айынан баштап бөлбөй, толук берүү боюнча Жогорку Кеңештин атайын токтомун кабыл алалы деп жатабыз.

Мисалы, Чүйдө сентябрь, октябрь, атүгүл ноябрь айларында деле курулуш кылса болот. Бирок, Алай, Чоң-Алай, Нарын, Ысык-Көлдүн бийик тоолуу райондору сыяктуу шарты катаал аймактар бар. Алардын баарын калган аймактар менен бириктирип коюп, курулуш иштери кечигип жатканын көрдүк. Бул жылдан жылга кайталанып жатат. Өзгөчө быйыл социалдык курулушка каражат республика боюнча кеч бөлүндү. Июндан тарта гана иштер башталды.

Аксакалдар мындан тышкары жолугушуу бүткөндө өлкөдөгү туруктуулук тууралуу да суроолорду берип атышты. Эл арасында тынчсыздануу, чочулоо бар экени байкалып турат.

«Мыйзам баарына бирдей деп жүрүп, экс-президент эмне үчүн суракка барбайт? Бул жалпы мамлекетта сыйлабагандык» деген сыяктуу ойлор айтылды. Мен ойлойм, үч райондун эли айтып аткандан кийин бул жалпы Кыргызстанга мүнөздүү көйгөй окшойт. Ошон үчүн кээ бир саясатчылар элге жамынып алып, от менен ойнобошу керек.

— Атамбаев өзү да, анын юристтери да Жогорку Кеңештин экс — президентти кол тийбестигинен ажыратуу боюнча чечими мыйзамсыз деген пикирин билдиришүүдө. Сиз буга кандай карайсыз?

— Жогорку Кеңеш Атамбаевди күнөөлүү деп айткан жок. Шек пайда болгон соң кол тийбестигин алып, укук коргоо органдары териштирсин. Эгер күнөөсү болсо жооп берсин, күнөөсү жок болсо акталып чыксын деди. Ал өзү деле айтып атпайбы, «ТЭЦ боюнча мен тапшырма бергем» деп.

Андыктан, Жогорку Кеңештин чечими мыйзамсыз деп айтканга негиз жок. Албетте, эл арасында «эмне үчүн мынчалык тез чечишти?» деген суроо бар. Төрт — беш маселе боюнча шек коюлгандыктан, депутаттык комиссия ошонун үстүнөн гана иштеди.

Албетте, мындай окуя постсоветтик мамлекеттердин ичинде биринчи жолу болуп жатат. Бул азыркы иштеп жаткан президентке көбүрөөк тиешелүү. Менде да президент кол коёр бекен, же койбос бекен деген ой болгон.

Бирок, коркпой туруп кол койгонуна байланыштуу мен ойлойм, демек, бул кишинин таза иштөө, мөөнөтү бүткөн соң бийликти кииинки президентке таза абийири менен өткөрүп берүү ниети бар. Бул мыйзам мындан кийинки мамлекет башчылыгына келебиз деген кишилер үчүн да сигнал, эскертүү болушу керек.

Мына, Түштүк Кореяда акыркы президентти курбусуна байланыштуу эле кылмыш жоопкерчилигине тартып жатышат. Бизде да президент, премьер-министр болом дегендер ойлонушу керек. Бара — бара тазалануу процесси бүткөндөн кийин мамлекет башчылары эл үчүн гана иштей турган убакыт келет деп ойлойм.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу