Улан Исраилов,ички иштер министри: «Министр Мурашев мыйзам алдында жооп берет»

Буга чейинки министрлерге салыштырмалуу жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, кесипкөйлүгү жана мыйзамды туу тутканы менен айырмаланат. Эгерде жогору жактан акылга сыйбаган кысым болсо укпайт. Ал милицияны сүйөт, ошого жараша элге чын жүрөгүнөн кызмат кылып, адилеттүүлүктүн символу катарында калууну ойлосо керек. Ооба, бул министр бизге өзгөчө таасир калтырды Себеби,таза фигура…

– Улан мырза, шайлоо алдында күч органдары катуу түйшөлдү окшойт. Ар кандай провокациялар боюнча сөздөр айтылып атты…

– Чындыгында, бизге чейин деле чоң саясый процесстер өтүп келген. Мен бул жолу «баарын кыйраттым» деп төш каккандан алысмын. Эң башкысы, биздин мыйзамда көрсөтүлгөн жоболор менен иш алып бардык. Албетте, жетекчиликтерден сырткары жөнөкөй кызматкерлерибиз, сержанттардан баштап кара түйшүктү тартышты.

– А неге начальниктер боюнча сөз кылбайсыз?

– Кеп анда эмес. Мен да убагында опер болуп, негизги түйшүкту тартып жүргөм да. Жетекчинин атын чыгарган анын күчтүү командасы…

– Сиз келгени кадр саясаты боюнча интригалар тынчып калганын байкайм. Чын эле гениалдуусузбу? Албетте, тамаша иретинде суроо…

– Аслан, өзүң билесиң, мен министр болуп келгенде ар кандай сындар айтылып, ишиме кыйла тоскоолдуктарды жараткан. Бирок, мен баарын унчукпай көтөрдүм. Өзүм дагы ушул милиция ичинде ылдыйкы тепкичтен баштап, жетекчилик орундарга чейин көтөрүлгөм. Эң башкысы, системанын табиятын билем. Мен жетекчи болуп келгенден тартып, баардык тараптан адилеттүүлүктү, калыстыкты жана профессионалдуулукту колдоого алууга кириштим. Кызматкерлердин, өзгөчө жетекчилердин кылган аракеттерин тез эле баалап, өзүмдүн чечимимди чыгара баштадым. Милиция үчүн күйгөн, ар дайым мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн кызматкерлерди өстүрүүгө белсендим.

– Шайлоодо элдин коопсуздугун кароо боюнча кандай аракеттер көрүлдү?

– Республика боюнча биздин кызматкерлер, элдик кошуундар жана мамлекеттин тынчтыгына кайдыгер карабаган атуулдар элибиздин коопсуздугу үчүн туруп беришти. Бирок, өзүң байкадың го, жалпы жонунан андай деле чыр-чатак, тескери көрүнүштөр болгон жок. Кандай болгон күндө дагы, биз элибиздин бейпилдиги, мыйзамдуулук үчүн күрөшөбүз.

-Ап-баракелде, анда неге айыл чарба министри Нурбек Мурашев Ноокенден Бабановдун башкы үгүттөөчүсүн уруп, зөөкүрдүк иш-аракетке барды? Бул боюнча сиз карапайым адамдын укугун коргойсузбу?

– Министр Мурашевдин кыймыл-аракети боюнча мыйзамдуу чечим чыгат. Ким болбосун, кандай партияда иштебесин, эгерде адам укуктарын басмырласа, анда биз Кыргызстандын мыйзамдарына жараша чара көрүшүбүз керек. Дагы кайталайм, Мурашев министр болуп туруп мыйзамды бузса, анда жооп берет!

-Улан мырза, бир жарым айдан кийин сиздин шефициз Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кетет. Сиз да кетесизби, же кандай?

– Ишенесиңби? Мен ушул боюнча ойлонгон деле жокмун. Эч качан кызматка жабышпайм. Убагы келет, кетем. Мен үчүн ээлеп отурган креслодон кетүү трагедия эмес.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу