Улан Абиловду президент жаңы кызматка дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Улан Абилов президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

ПРезиденттин башка жарлгы менен аталган бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Анарбек Исмаилов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду.

Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеп турган.

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу