Укук коргоочу мурдагы министр камалса ачкачылык жарыяларын билдирди

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев камалса, ачкачылык жарыялап, Ак үйдүн алдына чыгарын “Азаттыкка” билдирди.

— Иштен алынган министрлерге кылмыш иши козголуп, камай беришкени туура эмес. Батыралиевдин учурунда саламаттык секторунда бир топ жакшы реформалар болду. Ал дары мафиясынын жолун бууганга аракет кылып, канча жылдан бери чечилбей келе жаткан гемодиализ проблемасын чечти. Өлкөдө менчик ооруканалардын курулушуна шарт түздү. Антибиотиктердин рецепти жок сатылышын токтотту. Мунун баары мурда бул тармактан көмүскө киреше тапкандарга жакпай жатат, — деди Карасартова.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 322-беренеси (“Билип туруп жасалма келишим түзүү”) боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлаган.

Мекеме ырастагандай, Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында аталган министрликти жетектеп туруп, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда.

Эсеп палатасы түзгөн актыга ылайык, ал 5-стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууда мамлекетке пайдасыз бир нече келишим түзгөн. Анын натыйжасында мамлекет 107 млн. сомдон ашык зыян тарткан.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Ал эми Талантбек Батыралиев «Азаттыкка» өзүнө козголгон кылмыш ишин «көмүскө дары саткан мафиянын соккусу» катары баалады.

Министрликти төрт жыл башкарган Талантбек Батыралиев былтыр жаңы өкмөт шайланган учурда кызматтан кеткен.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу