УКМК: мас кызматкер тууралуу маалымат текшерилет

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «мекеменин кызматкери мас абалда милиционерди коркутканы» тууралуу маалыматты текшерүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кабар берилерин билдирди.

6-ноябрда kaktus.media басылмасы УКМКнын мас кызматкери Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын инспекторуна опуза кылганы тууралуу маалымат чыгарды. Видео тиркелген кабарда инспектор менен чыр 4-ноябрга караган түнү рейд учурунда болгону жазылган. «Honda Pilot» үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу мас абалда чыр салганы, инспектордун келечегине зыян болорун айтканы, видеокамерага тарта баштаганда сыпайы тартып калганы белгиленет. Ал наркологиялык борборго жеткирилип, спирттик ичимдик ичкени аныкталган. Автоунаасы жарыйна аянтчасына коюлган.

Азырынча бул маалыматты Ички иштер органдарынан тактаганга мүмкүн болгон жок. Баштапкы маалыматка ылайык, инспекторду коркуткан жаран УКМКнын кызматкери, ага лейтенант даражасы бар.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу